Баткенде Азирети Муфтийдин катышуусунда 100 орундуу “Жоро кызы Шарапат” атындагы кыздардын окуу бөлүмү ишке берилди

Бүгүн, 4-ноябрда  Баткен шаарындагы “Муьаз ибн Жабал” медресесинин “Жоро кызы Шарапат” атындагы кыздар бөлүмү ишке берилип,  салтанаттуу ачылыш аземге Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн Аппарат жетекчиси  Мунарбек Насыров, өлкө аймагындагы  облустардын казылары, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийнин түштү аймагы боюнча кеңешчиси Махманаби ажы Арзыкулов, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов, экс-муфтий Рахматулло ажы Эгембердиев  жана медресе кызматкерлери менен мечит имамдары, ошондой эле коноктор  катышышты. Иш чаранын жүрүшүн Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов алып барып, азем ыйык Куран окуу  менен башталды.  Окуу жайдын ачылышынын алкагында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жалпы катышуучуларды медресенин кыздар бөлүмүнүн ачылышы менен куттуктап, окуу бөлүм улуу максатта курулуп, келечек муундарга Ислам баалуулуктарын, бийик маданиятты, адамдык асыл сыпаттарды үйрөтүү менен  ата-энени урматтону негиз кылган чоң тарбиялык мектеп болоорун белгиледи. Ошону менен катар эле кыздардын окуу бөлүмүн курулушуна жакындан жардам көрсөткөн демөөрчүлөргө муфтияттын жана казыяттын атынан ыраазычылык барактарды тапшырды. Андан соң жалпы коноктор медреседе түзүлгөн шарттар менен таанышып чыгышты.

Эскерте кетсек, “Муьаз ибн Жабал” медресесинин кыздар бөлүмү 3 кабаттан туруп ашкана, китепкана, окуу бөлмөлөрү, даараткана, намазкана жана жатаканага ылайыкташып, 100дөн ашуун кыздар окууга ылайыкташтырылып курулган. Ал эми окуу бөлүмдү курууга кеткен бардык чыгымдар Баткен шаарынын тургуну, жеке ишкер Замирбек Сеитказыев тарабынан каржыланды.