Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Баткен шаарынын борбордук «Нумани» мечитин зыярат кылды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен шаарынын борбордук «Нумани» мечитин зыярат кылды. Азиретий Муфтий борбордук мечитте аткарылган иштер жана оңдоп-түзөө иштери менен таанышып, Баткен шаарынын баш имам хатиби Юнусов Абдурашид ажыга ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле бул тарыхый мечитти кадырлоого жана мечитке келгендерге ыңгайлуу шарттарды түзүүнү улантуу зарылдыгын кошумчалады.