Тоң райондук хатибияты социалдык абалы оор Жумагүл эжеге акчалай жана азык-түлүк түрүндө жардам көрсөттү

Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акуновдун демилгеси менен жалпы хатибият жамааты  социалдык абалы оор Ж. Бөкөнбаев айылынын тургуну Жумагүл эжеге 5 миң сом акчалай жана тамак-аш түрүндө жардам көрсөтүштү.

Райондук баш имам хатибдин айтымында кайрымдуулук ишин жүргүзүү жана муктаждарга социалдык жардам көрсөтүү 2018-жылдагы иш планга киргизилген.

Быйылкы жылдагы иш пландын негизинде кайрымдуулук иштерин жасоо бирден бир негизги иштер катары каралган. Мүмкүнчүлүккө жараша кайрымдуулук иштерибизди уланта бермекчибиз,-деди Таалайбек ажы Акунов.