Базар-Коргон райондук хатибияты имамдарга терс диний агымдардын алдын алуу жана жаштарды туура жолго салуу боюнча сабак өтүүнү тапшырды

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз карынын Закировдун  тапшырмасы менен Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиковдун иш мерчеминин негизинде Базар-Коргон райондук хатибиятынын кеңсесинде Арстанбап айыл окуругуна караштуу жалпы имамдар менен кеңешме өттү. Кеңешмеге хатибият кызматкерлери жана аталган айыл округдун жалпы имам хатибдери, имамдары катышып, анын алкагында имамдардын бирдиктүү формасы, имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу, өз ара сабактарды уюштуруу, экстримизм-терроризмдин алдын алуу, келечегибиз болгон жаштар менен иш алып баруу жана  аялдар арасында радикализмди болтурбоо боюнча сабак уюштуруу туурасындагы маселелер каралды.

Кеңешминин аягында райхатиб мечиттерде иш кагаздарын ирээтке келтирүү жана кышка карата камылга көрүү тапшырмасын берип, имамдарды жоопкерчиликтүү болууга чакырды.