КУРАНИ КАРИМ ЖӨНҮНДӨ БАЯН

Мээримдүү жана ырайымдуу Жараткан Алланын аты менен

Ыйман негиздеринин бири Алла Таала тарабынан жөнөтүлгөн китептерге ыйман келтирүү болуп саналат. Мээрими жана ырайымы чексиз Алла Таала Азирети Адамдан (а.с.) тарта пайгамбарларга кабарларды (вахийлерди) жөнөткөн.

Адам баласы мейли индивидуалдык болсун, мейли коомдук жашоо болсун, кандайдыр бир эрежелерге муктаж. Б.а. өмүрүн тартипке сала турган эреже-жоболор зарыл. Айталы, ыйманда, амалда, адеп-ахлакта, укукта, маданиятта ж.б. жашоонун тигил же бул аспектилеринде эреже керек. Илахий китептер дал ошол эреже жана принциптердин топтому болуп, адамдарга багыт берип, амалдарды белгилеген булак болуп саналат.

Алла Таала адамдар арасынан өкүл тандап, бардык жагынан абзели болгон өкүлдөргө – пайгамбарларга китептерди вахий кылган (жиберген). Китептер кээде белгилүү бир убакыттагы жана географиядагы элге жөнөтүлсө, кээ бирде бардык адамдар үчүн жөнөтүлгөн. Ыйык китептер Алла тарабынан жиберилгендиктен «Кутубу мунзала» (түшүрүлгөн китептер) жана «Самавий китептер» деп да айтылат.

Ыйык китептер түздөн-түз Алладан жиберилет. Бул жагынан алып караганда, китептер лафыз (сөз) жана маани жагынан Алланын каламы (сөз) болуп эсептелет. Максаты адамды бузукулуктан, жамандыктан, караңгылыктан, түркөйлүктөн куткарып, хидаятка, жакшылыкка, айдыңдыкка, илимге, маданиятка, улуулукка түрткү берет. Чындыгында инсан жаратылгандардын эң шарапаттуусу болуп, Алланын жер жүзүндөгү халифасы эсептелет. Ошол себептүү адамга бир катар артыкчылыктар (малака) жана жөндөмдөр (кабулият) берилген. Адамга акыл жана эмгекке жөндөмдүү кол ыроолонгон. Киши акылы жана колу менен бул дүйнөнү кооздоп, маданияттарды курат. Бирок адам баласы алсыз табияты себептүү вахийге муктаждык сезет. Вахий жана китеп адам баласын колдойт жана айдыңга чыгарат.

Адамда жакшы өзгөчөлүктөр болгондой эле, негатив өзгөчөлүктөр да бар. Инсан кээде терс өзгөчөлүктөрүнүн таасиринде калып кетет да, өзүнө жана айланасына зулумдук кылып алат. Бул айныгыс чындык. Мисалы, Аз. Адам менен Обо эненин тыюу салынган мөмөнү жеп алып, бейиштен куулушу буга далил. Ошондуктан адамзаты өзүн айдың кыла турган, туура жолго баштай турган жол картага муктаж.

Адам баласы маанавият-руханияты көтөрүлүп, кудайын таанып, ыйман акыйкаттарын туюп, ибадат формаларын билип, өлүмдөн кийинки акыйкат жашоодон кабардар болушу зарыл. Адам акылы менен жалгыз Жаратканды таба алат. Бирок ага жакындоону, Ага татыктуу ибадат кылууну, акырет абалдарын, түбөлүк жашоонун сырларын билиши мүмкүн эмес. Айтылган маалыматтарды жана принциптерди ыйык китептер адамдарга үйрөтөт. Китептер инсандын инсан экенин; пенденин кул, Алланын Рабб экенин билдирет.

Адамга көптөгөн пайдалары болгон ыйык китептер бул дүйнөдө адамзат жашоосу башталгандан бери карай ыракым, насаат, хидаят, тынчтык, амандык, бакыт жана саламат катары Алла тарабынан жөнөтүлүп турган. Мээрими чексиз Зат адамзат пендесине мээрими төгүлүп, Өз китептерин элге түшүндүрүп, китептин практикасын көрсөтө турган адамдар ичинен ишеничтүү өкүлдөрдү (пайгамбарларды) тандаган.

قُلْنَا اهْبِطُواْ مِنْهَا جَمِيعاً فَإِمَّا يَأْتِيَنَّكُم مِّنِّي هُدًى فَمَن تَبِعَ هُدَايَ فَلاَ خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلاَ هُمْ يَحْزَنُونَ

“Бул жактан биргеликте түшкүлө!  Эгер Менден силерге түз жол көрсөтүлүп, аны ким ээрчисе, аларга коркунуч да, кайгы-капа да болбойт”, – деп айттык.

(Бакара, 38)

كَانَ النَّاسُ أُمَّةً وَاحِدَةً فَبَعَثَ اللّهُ النَّبِيِّينَ مُبَشِّرِينَ وَمُنذِرِينَ وَأَنزَلَ مَعَهُمُ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ لِيَحْكُمَ بَيْنَ النَّاسِ فِيمَا اخْتَلَفُواْ فِيهِ وَمَا اخْتَلَفَ فِيهِ إِلاَّ الَّذِينَ أُوتُوهُ مِن بَعْدِ مَا جَاءتْهُمُ الْبَيِّنَاتُ بَغْيًا بَيْنَهُمْ فَهَدَى اللّهُ الَّذِينَ آمَنُواْ لِمَا اخْتَلَفُواْ فِيهِ مِنَ الْحَقِّ بِإِذْنِهِ وَاللّهُ يَهْدِي مَن يَشَاء إِلَى صِرَاطٍ مُّسْتَقِيمٍ

(Алгач[1]) адамдар бир эл болушкан[2]. Ошондо Алла аларга кубандыруучу[3], эскертүүчү[4] пайгамбарларды жиберди. Адамдардын ортосунда келишпеген нерселерде өкүм кылуу үчүн алар (пайгамбарлар) менен бирге Акыйкат Китебин[5] жиберди. Ошол китеп берилгендер ачык далил келгенден кийин өз ара көралбастыктан улам бөлүнүштү[6].  Ошондо Алла Өз каалоосуна ылайык ыйман келтиргендерди, алар[7] талашкан чындыкка жеткирди. Алла (Өзү) каалаганын Түз Жолго багыттайт.

(Бакара, 213)

Демек Алла Таала ар бир үммөткө пайгамбар жана вахий жөнөтүп турган.[8] Пайгамбарлар өздөрүнө берилген китепке ылайык амал кылышкан. Эгер берилбесе мурунку китепти карманышкан. Ыйык китептер Алла Таала тарабынан жөнөтүлгөндүктөн, аларга ыйман келтирүү акыйда маселеси болуп саналат.

Кээ бир пайгамбарларга китептер жөнөтүлсө (төмөндө кеңири сөз кылабыз, иншаллах), айрымдарына барактар (сухуф) жиберилген. Мисалы, Азирети Адамга 10 барак, Азирети Ибрахимге 10 барак, Азирети Шитке 50 барак, Азирети Идриске 30 барак берилген.

Китептерге жана сухуфтарга кандай ыйман келтирилет? Жалпылай ишенүү (ижмалий) жана Куранда баяндалган илахий китептердин жана сухуфтардын ар бирине өзүнчө ишенип (тафсилий), алардын Алладан жөнөтүлгөнүн жүрөктөн тастыктоо шарт (фарз). Бирок өзгөрүүгө учураган, бурмаланган, адамдар тарабынан алымча-кошумча кылынган китептер илахий боло албайт. Дагы бир негизги шарты, вахий түздөн-түз Алладан алынган (мутаваатир) болуп, колго эч өзгөрүүсүз тийиши керек.

Демек, Курандан башка ыйык китептер жана сухуфтар илахийлигин жоготуп алган. Мусулмандар аларды Алла жибергенине ишенет. Бирок убакыттын өтүшү менен өзгөртүлгөнүн (мухарраф) билет. Бүгүнкү күндө өзгөрүүгө учурабаган жана илахий сыпатын сактап калган жападан-жалгыз китеп – Ыйык Куран болуп саналат. Куран 15 кылымдан бери адамзатка хидаят, жарык, нур, билим, ыйман булагы болуп келет.[9]   

Илахий китептер жана аталыштары

Тоорат – Азирети Муса алейхи саламга;

Забур – Азирети Дауд алейхи саламга;

Инжил – Азирети Ыйса алейхи саламга;

Куран – Азирети Мухаммад саллалаху алейхи васалламга жиберилген.

Тоорат: «Канон, таълим шарият» маанилерине келген Тоорат байыркы Ахид китептеринин арасында орун алган жана Азирети Мусага жөнөтүлгөн беш китептин биринин аты. Тоорат беш китептин үчүнчүсү болгонуна карабай, жалпысына айтылып калган. Муну жөөттөр да тастыкташат. Ал беш китеп төмөнкүлөр:

1) «Таквин» – Жаралуудан, Аз. Нух топонунан, Аз. Ибрахим уулдарынан жана Аз. Юсуфтун Мисирде жашап калганына чейинки окуяларды баяндайт.

2) «Хуруж» – Аз. Мусанын Мисирден чыгышынан Тур тоосунда закондорду Алладан алышы жана Мисирге чейинки окуяларды камтыйт.

3) «Тоорат» (Левилилер) – Курмандык, кахиндер жана тазалык темаларын, ритуалдарды жана жөрөлгөлөрдү камтыйт.

4) «Эсептер» – Исраилдин Тур тоосунан чыгып, кооз өлкөгө киришин баяндайт.    

5) «Тасния» – кайталанган дегенди түшүндүрөт. Бул соңку китеп жогоркуларды жыйынтыктоодон жана кайталоодон турат. Кошумчалар бар, бирок аз санда.

Ыйык Куранда Тоораттын өзгөрүүгө учураганы билдирилет.[10] Ошондой эле Аз. Муса өлгөн күн, жерге берилиши да баяндалган. Бул таң калычтуу нерсе. Мындан сырткары беш китепте кээ бир шилтемелер берилет, бирок алардын түп нускасын табуу мүмкүн эмес.

Тоораттын өтмүшүнө карай турган болсок, б.з.ч. 586-жылы Асур падышасы Бухтуннаср Палестинаны басып алып, Сулайман мабедин[11] талкалап, Тоорат нускаларын өрттөгөн. Мындан 100 жылдан кийин Азра аттуу инсан[12] жатталган Тооратты кайрадан жазат. Яхудийлердин маалыматына ылайык, Рим падышасы Артиокус да Палестинаны басып алып, Тоорат нускаларын өрттөтүп жиберген. Ушундан кийин Тоорат кайра кантип ордуна келтирилгени боюнча ачык булактарда маалымат жок. Ошондой эле Азирети Ыйсадан кийин б.з. 70-жылы Рим императору (же кол башчысы) Титус да Палестинаны басып алып, мабедди талкалап, ыйык китептин нускаларын өрттөтүп иет. Бирок ушундай окуяларга карабай, яхудийлердин колунда дале Тоорат бар. Бирок бул Тоораттын Алла Таала Аз. Мусага жөнөткөн Тоорат эместиги ачык. Мусулмандар Аз. Мусага вахий берилгенин, анын Тоорат болгонун, бирок ал Тоорат бүгүнкү Тоорат эмес экенине ишенет.[13]

Забур: Аз. Даудга жөнөтүлгөн Забурдун түп нускасы жок.

Инжил (Библия): Ал эми христиандардын колундагы китепти Аз. Ыйсага түшүрүлгөн деп ойлоо туура эмес. Анткени, христиандардын «жаңы ахит» деген топтомунда бир эмес, төрт китеп бар. Алар; Матта, Лука, Маркос жана Юханна инжилдери. Христиан аалымдарынын айтымында, жогорку төрт инжил Аз. Ыйсага Алла тарабынан жөнөтүлгөн китеп эмес жана Ыйсадан кийин досторунун (хаварийлеринин) же болбосо алардан кийин келгендердин берген маалыматтарынын топтому. Булар Аз. Ыйсанын жашоо сүртүмдөрүн баяндайт. Христиандардын билдиришинче, мындай китептердин саны 70 тен ашат жана ар бири инжил деп аталат (салыштыруу иретинде айтсак, Аз. Мухаммед тууралуу жазылган сияр китептери сыяктуу. Бирок Куран жана хадис даражасына жетпейт).

Ыйса пайгамбар дүйнөдөн өткөндөн кийин көп убакыттар бою ыйык китеп болгон эмес. Аз. Ыйсадан 70 жыл өткөндөн кийин гана Матта Аз. Ыйса тууралуу арамей тилинде китеп жазат. Бирок бул китеп азыр жок. Ошондой эле Лука, Маркос жана Юханна да бирден китеп жазат.

Бүгүнкү инжилдердин эң байыркы нускасы грекче. Бүткүл инжил котормолору грекчеден тараган. Бирок Аз. Ыйса грек тилинде эмес, арамей тилде сүйлөчү. Башында көптөгөн инжилдер болгону менен б.з. 325-жылы Изник Курултайында 4 инжил расмий канондук китеп болуп бекитилген. А Аз. Ыйсанын көзү тирүүсүндө негедир китеп жаздырган эмес. Анын да бир канча себептери болушу мүмкүн.

Биринчиден, Аз. Ыйса көккө көтөрүлгөндө болгону 33 жашта болгон. Б.а. пайгамбарлык берилгенден кийин 2.5 жыл гана таблиг кылып, жер-жерлерди кыдырган. Балким ушул себептүү инжил жаздырууга жетишпеген.

Экинчиден, Аз. Ыйсанын тарапташтары өтө аз болгон. Элүүдөн ашкан эмес. Алар да ар кайсы шаарда болгон. Ошондой эле окуп-жаза билген сабаттуу тарапташтары да өтө аз болуп, инжил жазуу ыктымалдуулугу болгон эмес. Ал эми Аз. Мухаммеддин (с.а.в.) коштошуу ажылыгында 100 000 тарапташы катышканын эске алсак, анын көзү тирүүсүндө көптөгөн сахабалары болгон.

Үчүнчүдөн, Аз. Ыйса Тоораттын Бухтуннаср тарабынан өрттөлүп жок кылынганын билчү. Мушриктердин дин душмандыгы себептүү, Тоораттан өч алуу ыктымалдуулугу бар эле. Б.а. Тооратка келген аянычтуу тагдыр инжилге да келиши мүмкүн эле. Балким ушул себептен Инжил жазылбай калган.[14]

Жыйынтыктап айтканда, Аз. Ыйса көзү тирүүсүндө инжил калтырган эмес. Бирок арадан бир нече кылым өтүп өзгөрүлбөгөн, өзгөрүлүшү мүмкүн болбогон, адамзатка ыроолонгон бир илахий китеп келиши керек эле. Мына ушундай зарылдык жана себептер үчүн акыркы жолу ыйык китеп жөнөтүлөт. Ал шек-күмөнсүз Куран-и Карим эле.

Куран: Жогоруда белгиленгендей, Курандан сырткары ыйык китептердин бардыгы бурмаланып, бүгүнкү күнгө чейин нагызын, аруулугун сактай албай калган. Куран-ы Карим Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын учурунда жазылып, ошону менен бирге көптөгөн адамдар тарабынан ар бир сөзү жатталган. Ыйык Куран бүтүндөй инсаниятка түбөлүк бакыттын ачкычы катары тартууланган. Анда эч бир ача пикир, карама-каршылык жок. Инсаният менен жин ааламы биригишсе да, Куран сыяктуу китеп жаза алышпайт.

أَمْ يَقُولُونَ افْتَرَاهُ قُلْ فَأْتُواْ بِسُورَةٍ مِّثْلِهِ وَادْعُواْ مَنِ اسْتَطَعْتُم مِّن دُونِ اللّهِ إِن كُنتُمْ صَادِقِينَ

Алар: “Ал аны ойлоп тапкан”, – дешеби? “Ага окшогон бир сүрө келтиргиле жана эгер чын болсоңор Алладан башка жактырган бирөөнү чакыргыла”, – деп айт.

(Юнус сүрөсү, 10/38)

Куран мааниси жагынан да, сөздүн куюлушкандыгы жагынан да өзгөчө мужиза-керемет китеп. Куранга ишенбеген же анын кандайдыр бир өкүмүн кабыл албаган адам ыйман келтирген болуп эсептелбейт. Куран окуунун өзү да ибадат. Куран-и Карим кудайы (илахий) китептердин эң акыркысы болуп, өзүнөн мурунку ыйык китептердеги укуктук өкүмдөрдү жараксыз кылган.[15]

Ыйык Куран Аз. Мухаммедге Жабраил периште аркылуу жөнөтүлгөн. Анын арабча лафзы да, мааниси да илахий болуп эсептелет.

إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا الذِّكْرَ وَإِنَّا لَهُ لَحَافِظُونَ

Чынында, Куранды Биз түшүрдүк. Эми аны өзүбүз сактайбыз.

(Хижр сүрөсү, 15/9)

Жогорку аят-и карималардан маалым болгондой, Курандын Ээси жана Коргоочусу Алла Таала Өзү болуп саналат. Курандын корголуп келе жатканы тарыхый факты түрүндө да далилдүү. Ошол эле учурда себептер дүйнөсүнүн өкүлдөрү болгон момундар да колдон келишинче Куранды коргоп, сактап келет. Чын-чынында Куранды коргогон (корготкон) Алла Таала Өзү.

Пайгамбарыбызга вахий келери менен окуу-жазууну билгендерге дароо жаздырат эле. Жазылып бүткөндөн кийин кайра окутуп, өзү көзөмөлдөйт эле. Андан соң вахийди жазган катибге «көбөйт жана тарат» деп буйрук берер эле. Куран бир нече жылдар бою түшүрүлгөндүктөн, пайгамбарыбыз башка чараларды да ишке ашырган. Аяттар аралашып кетпеши үчүн вахий жазган катибге түшкөн ар бир аятты кайсы сүрөнүн кайсыл жерине жайгаштырарын буюрат эле. Мындан сырткары түшүрүлгөн Куранды коргоо максатында аяттарды жаттоону табыштайт эле. Себеби, намазда Куранды жатка окуш зарыл боло турган.

Пайгамбарыбыз Куранды коргоодо көптөгөн кам көрүү менен бирге, ар жылы Рамазан айында Курандын ошол жылга чейин түшүрүлгөн бөлүгүн мусулмандарга окуп берет эле. Бул «арда» деп аталчу. Сахабалар үйүндөгү нускаларды алып келип, «ардага» катышып, пайгамбарыбыз окуп жатканда колундагы нускаларга салыштырат эле. Аз. пайгамбар дүйнөдөн өтөр жылы эки жолу баштан аяк окуйт (хотм кылат). Бул «Арда-и Ахир» деп аталып калат. «Арда» учурунда Аз. Жабраил да катышчу. Эгер өзгөрүүлөр болсо, оңдоп-түзөйт эле. Рамазан-ы шарифте хатм кылуу ошол күндөн ушул күн сүннөт катары келе жатат.

Азирети пайгамбар тушунда Куран-и Каримдин барактарга (сахифа) жазылганы боюнча ачык-айкын далилдер, жетиштүү фактылар бар. Б.а. Курандын жазылышы белгилүү. Бирок Куран бир китепке бириктириле элек болчу. Бириктирүүгө али эрте эле. Анткени вахий уланып турган болчу. Ошол себептүү Пайгамбарыбыз өткөндөн кийин Куран сахифалары китепке топтолду.

Башында Куранды бириктирүүгө (тадвин) зарылдык болгон эмес. Бирок кийинчерээк пайда болгон зарылдыктар себептүү топтоо муктаждыгы жаралды. Айрыкча жалганчы пайгамбар Мусайлама менен болгон Йамаама согушунда көптөгөн хафиздер шейит болгон эле. Ошентип Аз. Абу Бакр учурунда Аз. Умардын сунуш-демилгеси менен Куран тадвин кылынды. Т.а. Фатиха сүрөсү менен башталып Нас сүрөсү менен жыйынтыкталган китеп абалына келтирилди.

Зайд бин Сабит (р.а.) Куранды топтоодо Аз. Умарга жардамчы болгон. Бардык жоопкерчиликти мойнуна алган даңазалуу Зайд (р.а.) Куранды топтоо ишин жан дили менен аткарган. Ошентип Азирети Мухаммед тушунда жазылган, анын көзөмөл-текшерүүсүнөн өткөрүлгөн сахифалар Масжиди Набавиге келтирилсин деп жарыя кылынат. Азирети Абу Бакр Зайдга (р.анхума) «Аз. Пайгамбардын алдында окулган, эң кеминде эки нускасы болгондорду жыйна. Эки нускага негизделбеген бир тамганы да кошпо!» деп буйрук кылат. Куран ушул принциптин негизинде топтолду.

Зайд (р.а.) Куран топтолгондон кийин эки жолу баштан аяк текшерип окуп чыгат. Ошондон кийин Аз. Абу Бакрга тапшырат. Андан соң бул Куран жалпы мусулмандардын алдында окулат. Алтын муун сахабалар жапырт колдоп (ижмаъ), бир дагы кемчилик же сын айтышкан эмес. Албетте, Куранды топтоодо мусулмандар себепчи гана болушкан. Ал эми түпкүрүндө Алла Таала өзү коргоого алган.

Аз. Абу Бакрдан кийин Курандын түп нускасы Аз. Умарга өткөрүлүп берилет. Ал Куран нускаларын көбөйтүп, маанилүү ислам шаарларына жөнөтүүнү кааласа да, бул шарапаттуу озуйпа Азирети Усманга насип болот. Аз. Усман көбөйтүлгөн нускалардын ар бирин чоң мечитте мусулмандардын алдында баштан аяк окулушун буйрук кылат. Контролдон өкөндөн кийин гана маанилүү исламий борборлорго жөнөттүргөн. Аз. Усман (р.а.) тушунда жазылган нускалардын бир тобу согуш же өрт себептүү жок болуп кетсе, айрымдары бүгүнкү күнгө чейин сак-саламат жетип келди.

1934-жылы Мюнхен университетинде Куран изилдөө иштери жүргүзүлүп, жалпы 42 миң Куран нускалары салыштырылат. Ар кайсы жерде, ар кайсы учурларда жазылган Куран нускаларын салыштырууда бир дагы айырма табылган эмес. Ал эми Инжилдерди салыштырууда 2 миңдей айырмачылык чыккан болчу…[16]

Демек, Куран-и Карим шек-күмөнсүз Алланын сөзү. Адамзатка жиберилген акыркы илахий китеп. Ал адамдарга жол көрсөткүч жана насаатчы.

هَذَا بَيَانٌ لِّلنَّاسِ وَهُدًى وَمَوْعِظَةٌ لِّلْمُتَّقِينَ

Бул[17] – адамдарга эскертүү жана Такыбаларга  – жол көрсөтүүчү насаат!

(Аали Имран, 3/138)

Мусулман кыргыз эли илгертен Куранга чын дилден ишенип келгени маалым. Ар дайым ага урмат көрсөтүп, чекесине тийгизип өөп турушкан. Курандын кудай тааланын китеби экени «Манас» эпосунда да бир нече жолу айтылган. Мисалы:

«Туттук Манас жарлыгын,

Кудай жалгыз, Куран чын.

Ырас билип ынандык

Пайгамбардын барлыгын…»[18]

Жыйынтыктап айтканда Ыйык Курандын бир тамгасы да өзгөрүүгө учураган эмес. Курандын лафзы гана эмес, мааниси да муъжиза болгондугу үчүн илим, тажрыйба жана аң-сезим менен аныкталган чындыктарга каршы келбейт. Илим жана технологиянын өнүгүшү Куранды дагы да терең түшүнүүгө өбөлгө болууда.[19] Куран-и Карим адамдарга «Баян», «Хак», апачык далил, жапжарык нур. Куранда эч бир карама-каршылык жок. Мейли тилдик, мейли грамматикалык жагынан болсун, ныпымдай да кемчилик табууга мүмкүн эмес. Ал өзүнөн мурда келген китептерди тууралоочу. Куран-и Карим эң улуу муъжиза!

Даярдаган: Самидин кары Атабаев, Азирети Муфтийдин орун басары


[1] Дүйнө алгач жаратылган кездерде

[2] бүткүл адамзат бир эле динди (б.а. Алланын динин)  карманышкан

[3] Бейиш кабары менен

[4] Тозок азабы менен

[5] Забур, Тоорат, Инжил, алар адам колу менен өзгөртүлгөн соң, өзгөрбөс кылып Куранды жиберген

[6] Карама-каршы тараптарга айланышты

[7] Христиандар жана иудейлер өздөрү да билбей эле талашышкан Чындыкка, Хидайат Жолго жеткирди

[8] Фатир, 24; Юнус, 47; Исра, 15

[9] Келам: Тарих, Эколлер, Проблемлер//Сефахеттин Гөлжүк, Сүлейман Топрак, 351-б.

[10] Бакара, 75

[11] Мабед – сыйынуучу жай.

[12] Жөөттөр Азраны пайгамбар деп ишенет.

[13] Келам: Тарих, Эколлер, Проблемлер//Сефахеттин Гөлжүк, Сүлейман Топрак, 354-б.

[14] Келам: Тарих, Эколлер, Проблемлер//Сефахеттин Гөлжүк, Сүлейман Топрак, 355-57-беттер.

[15] Абдуррахман Хачкалы, Кыскача Ислам негиздери (Мухтасар Ислам илмихалы), 19-б.

[16] Келам: Тарих, Эколлер, Проблемлер//Сефахеттин Гөлжүк, Сүлейман Топрак, 362-б.

[17] Куран

[18] «Манас» эпосунан. Сагымбай Орозбак уулунун вариантынан үзүндү

[19] Калбердиев, «Калам: Ахли сүннөт теологиясы», 128-б.