Ош облусунда ажылыкка баруучуларды каттоо кызуу жүрүүдө

Ош облусунда ажылыкка жаңыдан баруучуларды каттоо бүгүн, 20-февраль күнү старт берилди. Бул боюнча аталган облустун ажылык боюнча куратору, облустук казынын орун басары Алибек ажы Жусупов билдирди.

Ал Кара-Суу районундагы ажылыка каттоо операторлору менен жолугуп, иштин жүрүшү менен жеринен таанышты. Алибек ажы кезекте турган эл менен да жолугушуп, тартипти сактап сабырдуулукка чакырып, ар бир ажылыкка документ тапшырган кишилердин иш кагаздарын кылдаттык менен так аткаруусун суранды.

«Өлкө боюнча эң көп ажыга баруучулар Кара-Суу районунда. Бүгүн Кара-Суу районундагы операторлордун иши менен таанышып, аларга өтүнүч иретинде бир катар тапшырмаларды бердик. Ажылыкка каттоонун алгачкы күнү эле абдан көп кишинин келгенин байкадык», – деп билдирди ал.