Жети-Өгүздө 12 жашка чейинки балдар арасында Куран жарышы өттү

Кечээ, 19-феврал күнү Жети-Өгүз районунун Тосор айылдык Борбордук мечитинде жаш өспүрүмдөр арасында өткөн Куран жарышка жалпы 50 бала катышты. Райондук баш имам-хатиб Талантбек Акылбек уулунун билдиришинче, жарыштын байге фонду 50 миң сомду түзүп, жергиликтүү тургундар жана айыл жаштары демөөрчүлүк кылган.

“Албетте, бул өтө жакшы иш-чара. Айрыкча жан дүйнөсү таза, биздин эртеңки келечегибиз болгон жаш балдар, кыздардын Куран жаттап жатышы жүрөк жылытарлык көрүнүш. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Ким Куран окуса, ар бир тамгасына он сооп жазылат» (Ибн Аби Шайба, Мусаннаф) деген. Жаш бөбөктөрдүн илими арта берсин”, – дейт Акылбек уулу.

Уюштуруучу топ жаш балдардын жүздөрүнө кубаныч тартуулап, демөөрчүлүк кылган жарандарга, жаштарга ыраазычылык билдирип, иштерине Жараткандан береке тилешти.