Жалал-Абад облусунда ажылыкка каттоо иштери башталды

Бүгүн, 20-февраль күнү Азирети Муфтий Замир Кары Ракиевдин №12- буйругунун негизинде 2023-жылы ажылыка баруучулурды каттоо иштери башталды. Жалал-Абад облусунун аймагында район-шаарларда ажылыкка барууну калоочулар таң заардан аймактардагы РСК банкына барып, талапта көрсөтүлгөн 1000 сом жана 1000 АКШ долларын төлөп, керектүү документтерин даярдап, учурда аймактагы операторлорго катталуу үчүн кайрылып жатышат.

“Учурда ажылыкка талапкерлерди каттоо үчүн Жалал-Абад облусунун аймагында 6 оператор, 1 куратор иштеп жатат. Буйруса каттоо иштери жакшы өтөт. Быйыл КМДБнын алдындагы УРШнын чечими менен өзгөчөлүк кирип, кээ бир ажылыкка талапкерлердин сунуш-суранычы менен каалоочулар үчүн Мекке шаарынан акы төлөнүүчү 2-3 орундуу комфорт мейманканаларга жайгашышат жана тамак-аш менен камсыздалат”, – деп билдирди Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков.

Сузак районунун оператору Бекетеналы ажы Боронбаевдин айтуусунда бүгүн каттоо иштери башталып, ажыга баруучу талапкерлер көп келүүдө. “Келген талапкерлер кезектери менен кирип катталып жатат. Ажылык серверге КМДБдан келген талап кылынган иш кагаздарын сканер кылып, базага киргизип каттоого алып жатабыз. Учурда бизде керектүү компьютер, принтер жана башка жабдуулар жетиштүү”, – деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, ажылыкка кезек күтүп турган талапкерлерди каттоо 24-январда башталып, 14-февралда аяктаган. Ал эми жаңы талапкерлерди каттоо 6-мартка чейин уланат.