Ысык-Ата имамдарынын кезектеги көчмө жыйыны Буденовкада өттү

Ысык-Ата районуна караштуу Буденовка айылынын «Нур Ислам» мечитинде имамдардын кезектеги көчмө жыйыны өттү. Жыйналышта ажылык боюнча регистрация бүгүн, 20-февралдан башталары жана ажы башчылыкка 27-февралдан баштап 10-мартка чейин каттоо жүргүзүлөрү эскертилди.

Көчмө жыйында каттоодон өтө элек мечиттер боюнча имамдарга тез арада документтерди толуктап өткөрүү боюнча чукул тапшырма берилди. Ошондой эле нике журналдарын толтуруу боюнча тескеме өткөрүлдү. Мындан сырткары райондун баш имам-хатиби Бактыбек ажы Убабеков Түркияга жардам катары акча каражат чогултууда жигердүү иш алып барган имамдарга ыраазычылык билдирди.

Жыйындын соңунда Куран тилават кылынып, сооптору Түркиядагы зилзаладан каза тапкан түркиялык жана сириялык бир туугандарга багышталды.