Тоң райондук хатибияты байге фонду 50 миң сомду түзгөн Куран жарышын өткөрдү

Кечээ, 19-февраль күнү Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин тапшырмасын аткаруу максатында Тоң райондук хатибияты 12 жашка чейинки балдар-кыздар арасында Курандын акыркы 1 парасы боюнча жарыш өткөрүп, байгелүү орун алгандарга сыйлыктарды тапшырды.

Тоң райондук баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акуновдун айтуусу боюнча, жарыштын жеңүүчүлөрүнө тапшырылган сыйлыктын байге фонду 50 миң сомду түздү. Демөөрчүлүк кылгандар Бөкөнбаев айылынын тургундары, чет өлкөлөрдө иштеп жаткан мекендештер болгон. Ар бир катышуучуга кышкы куртка белекке берилип, андан сырткары кызыктыруучу белектер тапшырылды.

“Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Куран окугула. Ал Кыямат күнү өз ээлерине шапаатчы болуп келет» (Муслим: 804). Жаш балдарыбыздын, кыздарыбыздын илимине Жаратканым илим кошсун. Демөөрчүлүк кылган бир туугандарыбызга чексиз ыраазычылык билдиребиз, себеби жакшынакай белек, таттуулары менен жаш балдардын көңүлдөрүн көтөрүп, кубанычтарын арттырып беришти”, – деп билдирди Таалайбек ажы Акунов.