Таалайбек ажы Акунов: “Имамдык кылуу өтө жоопкерчиликтүү иш”

Тоң районуна караштуу “Миңжашар уулу Абдылда” мечитинде Тоңдун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов имамдар менен жолугушуу өткөрдү. Бул туурасында Тоң райондук хатибиятынан билдирип, жолугушууда имамдардын ишмердүүлүгүнөн кабар алуу, мечиттин тазалыгы, жаз алды менен тазалоо, көрктөндүрүү иштерин жандандыруу талкууланганын маалымдады.

Мындан сырткары, калган 6 мечиттин эсептик каттоосу толук бүтүп, имамдарга тапшырылды. Ошондой эле 10 жылдан ашык имамдыкты аркалап келген имамдарга райондук хатибияттын Ардак грамотасы жана Ыраазычылык каттары тапшырылды.

“Имамдык кылуу албетте, өтө жоопкерчиликтүү иш. Барга да, жокко да чыдап, убагында имамдык кылышты. Жаратканым имамдарыбыздын мечитке, элге, жамаатка кылган кызматтарын кабыл кылсын. Аз болсо да көңүлдөрүн көтөрүп, сыйлык тапшырууну туура таптык”, – деп сөзүн жыйынтыктады Таалайбек ажы.