Кеминде алгачкы жолу Куран жарышы өткөрүлдү

Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Борбордук мечитинде өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өткөрүлдү. Райондун тарыхында алгачкы ирет өткөрүлгөн Куран жарышта баш байгеге 5000 сом, 2-орунга 3000 сом, 3-орунга 2000 сом, 4-орунга 1000 сом акчалай байгелер, андан тышкары китептер жана ар бир катышуучуга акчалай сыйлыктар берилди.

«Эң биринчиден, Алланын жардамы менен, андан кийин Кемин райондук хатибият жана жеке берешен ишкер адамдардын демөөрчүлүгү менен жарыш уюштурулду. Болочок карыларга абдан таасирлүү демилге болду, ар бир катышуучу «эмкиде биринчиликти мен алам, Куранды жакшы жаттайм» деген жакшы ниет менен кайтышты. Аллах Таала катышуучуларыбыздын, демөөрчүлөрүбүздүн жана уюштуруучуларыбыздын үй-бүлө, мал-жан, убактыларына береке берсин, иштерине ийгилик, жеңилдик берген болсун. Ал эми калган баарыбызга эмки жарыштарга шериктеш болууга мүмкүнчүлүк берсин», – деди райондун баш имам-хатиби Абдурахман Дуйшебаев.