Кеминде Рамазан айынын урматына улан-кыздар арасында Куран жарышы өтөт

Кемин районунун имамдарынын кезектеги көчмө жыйыны Төрткүл айылында болуп өттү. Жыйынды ачкан райондун баш имам-хатиби Абдурахман Дуйшебаев ажылык ибадаттык сапарынын шарт жана талаптарын түшүндүрүп берүү менен баштады.

Жыйында ажылыкка каттоо, муфтияттан берилген ажылык жөнүндөгү маалыматтарын элге жеткирүү, боордош түрк туугандарга жардам көрсөтүү, көрсөтүлгөн жардам тууралуу маалымат алышуу жана өспүрүм балдар арасында өткөн Куран жарышы талкууланды. Куран түшкөн куттуу Рамазан айында да улан-кыздар арасында Куран конкурсун өткөрүү чечими кабыл алынды.

Ошондой эле мечиттерди куруу хатибияттан уруксат кагаз алуу менен гана баштоо кеңешилди. Мындан сырткары мечиттерди куруп бүткөн соң күбөлүгүн алмайынча ачылыш өткөрбөө сунушу колдоо таап, документтери бүтө элек мечиттердин абалы талкууланды.