Мирланбек ажы Токтомушов теология факульетинин окутуучуларын кабыл алып, бир катар макулдашууларга жетишилди

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов Ош МУнун теология факультетинин деканы, теологиянын доктору Зайлабидин Ажимаматов, декандын орун басары, док., доц. Хилми Караагач жана дин аалымы, теологиянын доктору Ниязали Ариповду кабыл алды.

Мирланбек ажы Токтомушов Түркиядагы зилзалага байланыштуу Түркия элине көңүл айтып, маркумдарга Алладан ырайым, жаракат алгандарга шыпаа тилеп, кырсыкка учураган аймактардын тез арада калыбына келишине тилектештик билдирди. Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын, анын ичинде Ош шаардык мусулмандарынын казыятындагы Түркия элине көрсөтүлүп жаткан боордоштук жардамдар жана колдоолор боюнча учкай маалымат берди.          

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу макулдашууларга жетишилди. Тактап айтканда, Ош шаардык мусулмандарынын казыятына караштуу мечит имамдарын матурдилик акыйдасы боюнча 3 күн бою теология факультети өз  имаратында тамак-ашы менен окутуп берүүнү өз карамагына ала турган болду. Окутуу март айына башталары мерчемделди.

Мындан сырткары Ош шаарында жашаган дин аалымдарына жана дин кызматкерлерлерине акыйда жана фикх илимдери боюнча семинар өткөрүү апрель айында белгиленди. Бул иш-чараны да теология факультетинде өткөрүү макулдашылды.