Балыкчыда өспүрүм кыздар арасында Куран жарышы уюштурулду

иллюстрациялык сүрөт

Балыкчы шаарында өспүрүм кыздар арасында Куран жарышы болуп өттү. Бул туурасында Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби билдирди. Аталган Куран жарыш 12 жашка чейинки кыздар арасында болуп, Абдурахман Бекташов, Юсуф Нурдинов, Рустам Темирланов, Абдишүкүр Тагдырбек уулу баштаган “Исагалы Сабира” атындагы медресесинин окутуучулары калыстык кылышты.

Куран жарышка жалпы 15 жаш өспүрүм кыздар катышып, калыстар тобунун чечими менен:

1-орун – Нурдинова София;

2-орун – Асейинова Амина;

3-орун – Юсуфова Асмага ыйгарылды. Байгелүү орунга ээ болгон кыздарга Куран китеби жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.

“Бүгүн жаш өспүрүм кыздар арасында Куран жарышын өткөрдүк. 12 жашка чейинки кыздарыбыздын бир пара Куран жаттап калганы албетте, баарыбызды кубантат. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) айткан: “Слердин эн жакшыңар Куранды үйрөнүп жана башкаларга үйрөкөндөр” (Бухари). Эмгек кылган устазаларга ыраазычылык билдиребиз”, – деп сөзүн жыйынтыктады Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов.