«Абдуллах ибну Масуд» медресесинин студенттерине матуридилик акыйдасы боюнча лекциялар окулду

Кечээ, 18-февраль күнү борбор калаадагы «Абдуллах ибну Масуд» медресесинин студенттерине салттуу матуридилик акыйдасы боюнча семинар өткөрүлдү. Семинарга Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Кенжетай ажы Курманходжаев, КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов баштаган дин аалымдары жана белгилүү устаздар катышып, студенттерге салттуу акыйда боюнча кеңири маалымат беришти.

Семинар суроо-жооп форматында уланып, студенттер акыйда жана ислам илимдери боюнча берген соболдоруна жооп алышты.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин №1 токтомун аткарууга алуу максатында өткөрүлдү.