АЖЫЛЫК-2023: Каалоочулар үчүн Мекке шаарынан акылуу мейманкана уюштурулат

2023-жылдагы  ажылыкты уюштуруу штабы буга чейинки айрым зыяратчылардын вакфтарга (акысыз жатаканалар) жатпай, өз чөнтөктөрүнөн кошумча каражат чыгарышып, Мекке шаарынан акылуу мейманканаларды ижарага алышкан учурларды жана ыңгайлуу шарттары бар Ажылык пакет Мекке шаарына уюштурууну суранган жарандардын суранычын эске алып,  штаб быйыл каалоочулар үчүн атайын жогорку кызмат көрсөтүүнү колго алуу менен, Мекке шаарынан акылуу мейманкана уюштурууну пландап жатат. 

Мекке шаарынан акы төлөнүүчү мейманканаларга  жайгашкан зыяратчылар  төмөнкү  жеңилдиктерге ээ болушат:

ТУРАК ЖАЙ:

Мекке шаарынан зыяратчылар 2-3 кишилик комфорт мейманканаларга жайгашышат.

ТАМАК-АШ:

Акылуу мейманканага жайгашкан зыяратчылар мейманкана даярдаган  тамактар менен камсыздалат.  

Катталуу шарттары төмөндөгүдөй:

1.  2023-жылдагы Ажылык сапарга Кыргызстандын жарандарынын талабынын негизинде ыңгайлуу шарттары бар Ажылык пакет Мекке шаарында уюштурулат.

2.  2023-жылдагы ажылык сапарына мурда ажылыктын базасына катталбаган жарандарды каттоого алуу 20-февралдан,  6-март (6-мартты кошо эсептегенде) саат 17:00 чейин жүргүзүлөт жана Ажылыкка талапкерлер облустук жана шаардык Казыяттарга караштуу аймактык операторлорго РСК Банкына алдын ала болжолдуу 6000 АКШ доллардан жана кайтарымсыз 1000 сомдон төлөп,  төлөнгөн квитанциясынын негизинде, (алдын ала баштапкы 1000 АКШ долларын төлөп катталуучу жарандар менен бирдей) Кыргызстан боюнча бир тизмеге (живой список) каттоого алынып, кезекке тургузулат.

3.  Ыңгайлуу шарттары бар Ажылык пакеттин болжолдуу баасы 6000 АКШ доллар өлчөмүндө түзүлөт (толук калькуляциянын баасы авиакомпания тандалып, ажылыкка тиешелүү бардык келишимдер түзүлүп, кызмат көрсөтүүлөрдүн так баалары аныкталгандан кийин жогорулашы же төмөндөшү мүмкүн).

4. Ыңгайлуу шарттары бар Ажылык пакетин төккөн Ажылыкка талапкерлер облустук жана шаардык Казыяттарга караштуу аймактык операторлорго РСК Банкына төлөнгөн 6000 АКШ доллары жана кайтарымсыз 1000 сомдун төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынуусу шарт.

ЭСКЕРТҮҮ: БУЛ ВАКФКА (АКЫСЫЗ ЖАТАКАНАЛАРГА) ЖАТУУЧУЛАРГА ТИЕШЕСИ ЖОК.

АЖЫЛЫК САПАРЫНА БАРУУЧУЛАРГА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР

  1. 2023-жылы Ажылыкка каттоо тартиби бир гана электрондук (Eid) ID-карт паспорттун негизинде жүргүзүлөт (2023-жылы жаңы катталуучу талапкерлер үчүн).
  2. Ажылык наркынын ичинен (болжолдуу калькуляцияда) 6000 АКШ доллар РСК банкына (ажылык-2023 счётуна) төлөгөндүгү тууралуу квитациянын түп нускасы.
  3. Ажылыкка катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн РСК Банкына (ажылык-2023 счётуна) төлөнгөн (1000сом) квитациясынын түп нускасы (2023-жылы жаңы катталуучу талапкерлер үчүн).
  4. Тышкы паспорту (загран).

(электрондук (Eid) паспорт менен Тышкы паспорт бир баракка көчүрүлүүсү зарыл).

(Тышкы паспорттун жарамдуулук мөөнөтү 2023-жылы 31-декабрь айына чейин бүтүүсү жараксыз).

  • Аял киши үчүн махрамдын болуусу шарт.

Күйөөсү менен барса нике күбөлүгү, ал эми эркек махрамы менен барса туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат. 1978-жылы март айында төрөлсө, метирке же нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү талап кылынат, ал эми апрель айында төрөлсө документ түп нускасы  талап кылынат.

(Сүрөт түстүү, ак фондо,жылтырабаган (матовый) кагазда болуусу шарт).

(Аялдар үчүн сүрөткө ак жана кара жоолук, ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт. )

(Фотошоп программасы менен оңдолуп-түзөлгөн сүрөттөр жараксыз деп таанылат).

  • 2023-жылы алынган №086у формасындагы медициналык справка.
  • Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун берген катка кол коюу

(ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу)

  • Келишимге кол коюу жана Ажылык серверге киргизүү (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).
  • Ажыга баруучунун кийим размери жана жеке номер телефону, каттап жаткан операторго берүүсү талап кылынат.
  • Ажылыкка баруучу жарандын жашы 18 жаштан төмөн болбоосу шарт (2023-жылы 18 жашка толуучу жарандар ажыга барууга укуктуу).
  • Сауд Араб Падышалыгы тарабынан же САПтын ажылык базасынан  (Масар электрония), виза алуу учурларда, мурда ажыга барган талапкерлерге калькуляциядан тышкары кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажыга баруучу талапкер өзү төлөйт (Бул маалыматты операторлор, мурда ажыга  барган ар бир ажыга баруучуга  тааныштырып, келишимге кол койдурсун).

ӨЛКӨ АЙМАГЫНДАГЫ АЖЫЛЫККА КАТТООЧУ ОПЕРАТОРЛОР ЖАНА КУРАТОРЛОРДУН ДАРЕГИ

Республика боюнча ажылык сапарына каттоочу операторлор (тизме) жана алардын даректери:

Аты-жөнүТелефонуАймактар
Бердикулов Мурзабай0777281018Баткен облусу
Абдимиталип у Ибрахим0770323101, 0501323101Лейлек району
Абдурахманов Сабыржан0778969217Кадамжай району
Солтонбек уулу Бактияр0222131984Кызыл Кыя шаары
Бердикулов Мурзабай0703000872Баткен шаары
 Ош облусу
Жусупов Алибек 0773280986Ош облусу
Бообеков Эмирлан0778981196, 0558200096Алай району
Абдазов Кубанычбек0778939320, 0555020793Араван району
Мамаев Дастан0704104953Кара-Кулжа району
Турдубаев Асилбек0778405077Кара-Суу району
Жапаров Бекназар0774986262Ноокат району
Иминов Авазбек0220700000Өзгөн району
Саитов Апызбек0770346423Чоң-Алай району
 Ош шаары
Матиев Жанарбек0778 77 96 33,
0555 04 64 88
Ош шаары
 Жалал-Абад облусу
Жунусалиев Давранбек0772207319Жалал-Абад  облусу
Дебванаев Нематжон0776744460Жалал-Абад, Тогуз- Торо району 
Апсалам уулу Жеңишбек0777893535, 0999268757Аксы району
Боронбаев Бектен0777390277Сузак району
Кадырбеков Мелисбек0559470950Ноокен, Токтогул району Кара-Көл, Таш-Көмүр, Майлуу- Суу шаарлары
Чыналиев Шумкарбек0776723333А-Бука, Чаткал району
Абидинов Ашим0773200073Базар-Коргон району
 Талас облусу
Кадыралиев Замирбек0709009299Талас облусу
 Бишкек шаары
Сайпидинов Уланбек0220013221, 0708968160Бишкек шаары
 Нарын облусу
Халимов Фасихидин0705121393, 0702245993Нарын облусу
 Ысык-Көл облусу
Жусупов Кангелди0509735787, 0559735787Ысык-Көл району
 Чүй облусу
Абытов Азатбек0505447766 Сокулук району
Кумушбеков Акылбек0550416310 Москва району
Нышанбаев Болот0552302299 Панфилов,  Жайыл району
Абдурахманов Пазылбек0709050712 Кант шаары  
Байгазиев Алым0555260914 Ысык-Ата району
Акбаралиева Шахиста0556061324 Чүй, Кемин району
Фазилов Кабир 0709050712 Аламүдүн району

Толук маалымат алуу үчүн:

Тел: 0778 48 61 67,  0558/0708 48—61—67

Тел/факс: 0312 48—61—67   

Э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru