Ибрахим Адхамдын насааты- «Сенин ишиң – жабыкты ачуу, ачыкты жабуу»

Бир кишинин тилинде жоомарттык бар эле. Бирок колунда ал такыр жок болчу. Ар мүмкүнчүлүктө өзүнүн жоомарт экенин айтып, бирок чынында ал эч кандай жоомарт эмес экени билинип калчу.

Бир күнү Ибрахим Адхам жанында отурганда, мындай дейт:

— Эй, Ибрахим Адхам! Баарына насаат кыласың, мага да насаат айтчы.

Ибрахим Адхам:

— Насаат айтсам, угасыңбы? – деп сурайт. Ал киши угам деп сөз берет. Анда Ибрахим Адхам мындай дейт:

— Сенин ишиң – жабыкты ачуу, ачыкты жабуу!

Ал бул сөздөн эч нерсе түшүнбөй калат:

— Бул эмнени билдирет?

— Жабык болгон нерсе – сенин капчыгың, аны ачышың керек. Ачык болгон нерсе – сенин оозуң, аны болсо жабышың керек. Анткени оозуң сен кылбаган жоомарттыкты айтууда.

Чынында эле кээ бирлеринин жоомарттыгы тил учунда, бирок иш жүзүнө келгенде таптакыр башкача болуп калат. Мына ошондой адамдар үчүн Ибрахимдин сөзү сабак болгон:

— Сенин ишиң жабыкты ачуу, ачыкты жабуу! Сиз муну эч ойлодуңузбу?

Сиздин да ушундай абалыңыз барбы?

Ойлонуп көрүңүз: Жоомарттык тилиңиздин учундабы, же колуңуздабы?

Даярдаган: Авлиёев Фуркат. Баткен Казыятынын кадрлар, катчылык жана маалымат адиси