Келиңиз! Бир жыл орозо тутабыз

Рамазан айындагы орозодон кийин Шаввал айында нафил орозо кармоо туурасында сүйүктүү пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай дейт.

Абу Айюб ал-Ансарий разияллоху анху айтат. Алланын элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деп айткан: «Кимде-ким Рамазан айында орозо кармаса жана ага улап Шаввал айында да алты күн орозо тутса, анда ал бир жыл орозо туткандын сообун алат». (Сахих Муслим)

Аалымдарыбыздын пикиринде Шаввал айындагы алты күндүк нафил орозону катарма-катар кармоо абзел, бирок шарт эмес. Шаввал айы ичинде кармалган эсепке өтөт. Ушундай чоң мүнкүнчүлүктү пайдаланып, жалкоолук кылбай, бир жыл орозо кармады деген соопко ээ бололуу.

 

Даярдаган: Авлиёев Фуркат. Баткен казыятынын кадрлар, катчылык жана маалымат адиси