Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен
Жыл сайын куттуу орозо айынын аяк ченинде “орозо 30 күн гана болушу керек” деген талаш-тартыштар күчөп, ортодо элдин башын айлантат. Диний маселелерди Алладан коркуу жана жоопкерчилик менен чече турган расмий диний идаара (Муфтият) турганына карабай, ар кайсы хадистерди чампалап, өзүнчө фатва берчүлөр чыгып, мусулман коомчулугуна ар дайым түшүнбөстүк, фитна, бөлүп-жаруу жаратуудан башкага жарабайт. Биз бул макалада Рамазан айынын 29 же 30 болору боюнча хадистерди жана шарий далилдерди изилдеп, так маалымат берүүгө аракет кылабыз.
عن ابْنَ عُمَرَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنَّهُ قَالَ: إِنَّا أُمَّةٌ أُمِّيَّةٌ لَا نَكْتُبُ وَلَا نَحْسُبُ؛ الشَّهْرُ هَكَذَا وَهَكَذَا، يَعْنِي مَرَّةً تِسْعَةً وَعِشْرِينَ وَمَرَّةً ثَلَاثِينَ (متفق عليه)
Абдуллах ибн Умар разийаллоху анхудан риваят:
Пайгамбар соллаллоху алайхи васаллам: “Албетте биз илимсиз үммөтпүз, жаза албайбыз, эсептей албайбыз. Ай кээде 29 күн болсо кээде 30 күн болот”, – деди. (Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяты).
Демек жогорку хадистерден белгилүү болгондой, ай кээде 29 күн болсо, кээде 30 күн болот. Рамазан айы деле ушундай, кээде 29 күн, кээде 30 күн болот. Элибизде Рамазан ай 29 күн болсо: “Ата бабаларыбыз кылбаган нерсени кылып жатасыңар, ушул күнгө чейин эч качан 29 күн орозо кармалган эмес, кайдагы бидъатты чыгарасыңар”, – деп ызы-чуу салуу, нааразы болуу көрүнүштөрү байкалып жүрөт.
Рамазандын орозосун 29 күн кармайбызбы же 30 күн кармайбызбы, шаръий далилдер менен изилдөөнү андан ары улантабыз.
عَنْ عَبْدِ الرَّحْمَنِ بْنِ أَبِي بَكْرَةَ عَنْ أَبِيهِ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ شَهْرَانِ لَا يَنْقُصَانِ شَهْرَا عِيدٍ رَمَضَانُ وَذُو الْحِجَّةِ (رواه البخاري)
“Абдурахман ибн Аби Бакра атасынан риваят кылат: “Пайгамбар соллаллоху алайхи васаллам: “Эки айт майрамы бар айлар кем болбойт. Алар Рамазан жана Зул-Хижжа айлары” – деп айтты”. Имам Бухарий риваяты.
Бул хадиске ылайык Рамазан жана Зул-Хижжа айлары дайыма 30 күн болот деген түшүнүк өзүнөн-өзү маалым болду. Аалымдар бул хадиске кандай түшүндүрмө беришкен:
وقد اختلف العلماء في معنى هذا الحديث : فمنهم من حمله على ظاهره فقال : لا يكون رمضان ولا ذو الحجة أبدا إلا ثلاثين ، وهذا قول مردود معاند للموجود المشاهد ، ويكفي في رده قوله ، صلى الله عليه وسلم : صوموا لرؤيته وأفطروا لرؤيته ، فإن غم عليكم فأكملوا العدة فإنه لو كان رمضان أبدا ثلاثين لم يحتج إلى هذا . ومنهم من تأول له معنى لائقا . وقال أبو الحسن : كان إسحاق بن راهويه يقول : لا ينقصان في الفضيلة إن كانا تسعة وعشرين أو ثلاثين . انتهى . وقيل : لا ينقصان معا ، إن جاء أحدهما تسعا وعشرين جاء الآخر ثلاثين ، ولا بد . وقيل : لا ينقصان في ثواب العمل فيهما ، وهذان القولان مشهوران عن السلف وقد ثبتا منقولين في أكثر الروايات في البخاري
Аалымдар бул хадиске маани берүүдө түрдүүчө пикирде болушкан. Алардан кээ бири бул хадистин зоохирине (түздөн-түз) маани беришкен да: “Рамазан айы менен Зул-Хижжа айы дайыма отуз күндөн болот”, – деп айтышкан. Бул пикир Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васалламдын ачык айткан сөзүнө терс келгендиги үчүн туура эмес (мардуд). Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васалламдын төмөнкү сөзү жогорку пикирдин туура эместигине жетиштүү. Пайгамбар соллаллоху алайхи васаллам “…айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп ооз ачкыла (айт кылыгыла). Эгер кандайдыр себептер менен силерге ай көрүнбөй калса, ошол үстүңөрдөгү айды отузга толтуруп эсептегиле (да бүрсүкүнү айга киргиле)”, – деп айткан. Эгерде Рамазан айы дайыма 30 күн болгондо Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васалламдын бул сөздү айтуусуна кажет болмок эмес.
Аалымдардын кээ бири бул хадиске ылайыктуу маани менен түшүндүрмө беришкен:
Абул Хасан (рахимахуллах) айтат: Исхак ибну Рохавия рахимахуллах бул хадиске маани берүүдө мындай деп айтчу:
“Бул эки ай 29 күн болсо да же 30 күн болсо да артыкчылыгы (сооп жана башка нерселери) азайбайт”.
Дагы бир маани берүүдө: “Экөө тең 29 болуп калбайт, эгер бири 29 күн болсо экинчиси сөзсүз 30 күн болот” деп айтылган.
Дагы бирөөсүндө: “Ал эки айдагы амалдарга берилчү сооптор 29 күн болсо деле 30 күндүн сообунан кемитилбейт” деп айтылган.
Мурунку өткөн улуу муун аалымдары мына ушул акыркы айтылган эки маанини айтып келишкен. Имам Бухарий рахимахуллах көптөгөн риваяттарында ушул акыркы эки маани айтылган.
Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васаллам жашоосунда Рамазан айынын орозосун канча жолу кармаган жана алардын канчасын 29 күн, канчасын 30 күн кармаган, тарыхка бир назар салып көрөлү.
قال الإمام النووي في «المجموع» (6/ 205): [صَامَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَآله وسَلَّمَ رَمَضَانَ تِسْعَ سِنِينَ؛ لِأَنَّهُ فُرِضَ فِي شَعْبَانَ فِي السَّنَةِ الثَّانِيَةِ مِن الْهِجْرَةِ، وَتُوُفِّيَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَآله وسَلَّمَ فِي شَهْرِ رَبِيعٍ الْأَوَّلِ سَنَةَ إحْدَى عَشْرَةَ مِن الْهِجْرَةِ] اهـ.
Имам Нававий рахимахуллах “Ал-Мажмуъ” китебинде: “Пайгамбар соллаллоху алайхи васаллам Рамазан айынын орозосун тогуз жолу кармаган. Себеби, Рамазан айынын орозосу хижраттын экинчи жылы Шаъбан айында фарз болгон. Ал эми Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васаллам хижраттын он биринчи жылы Роийъул-Аввал айында дүйнөдөн өткөн”, – деп айткан.
Демек Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васаллам баш-аягы болуп, тогуз жолу Рамазан айынын орозосун кармаптыр. Эми ушул тогуз жолку орозонун канчасын 29 күн канчасын 30 күн кармаганын карап көрөлү.
قال ابن خزيمة: إن صيام تسع وعشرين لرمضان كان على عهد النبي — صلى الله عليه وسلم — أكثر من صيام ثلاثين خلاف ما يتوهم بعض الجهال والرغَّاء ، أن الواجب أن يصام لكل رمضان ثلاثون يوما كوامل
Ибну Хузайма рахимахуллах: “Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васалламдын доорунда Рамазан айынын орозосу 30 күндөн 29 күнү көбүрөөк болгон. Бул кээ бир наадан жана келжирек адамдардын: “Албетте ар бир Рамазан айы толук 30 күн болуусу ваажиб” деп ойлогон нерселерине терс келет”, – деп айткан.
عن ابن مسعود قال : » لما صمت مع النبي — صلى الله عليه وسلم — تسعا وعشرين أكثر مما صمت معه ثلاثين «(رواه ابن خزيمة)
“Абдулла ибн Масъуд разийаллоху анху: “Мен Пайгамбар соллаллоху алайхи васаллам менен кошо (Рамазан айынын орозосун) 30 күн кармагандан көрө 29 күн көбүрөөк кармадым”, – деп айткан. Ибну Хузайма риваяты.
قال بعض الحفاظ صام رسول الله صلى الله عليه و سلم تسع رمضانات منها رمضانان فقط ثلاثون كذا في شرح ابن حجر
Кээ бир аалымдар айтат: “Пайгамбар соллаллоху алайхи васаллам тогуз жолу Рамазандын орозосун кармаган. Андан экөөсүн гана 30 күн кармаган (калган жетөөсүн болсо 29 күн кармаган)”, – деп айтышкан. Ибну Хажардын рахимахуллах шархында ушундай деп айтылган.
Демек Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васаллам жашоосунда Рамазан айынын орозосун 30 күндөн 29 күн кармаган жылдары көп экендиги бизге маалым болду.
Андыктан: “Эмне үчүн 29 күн кармайбыз, 30 күн эмес”, – деп чуу салуунун кереги жок. Рамазан айы кээде (көбүрөөк учурда) 29 күн, кээде (азыраак) 30 күн болуусу табигый көрүнүш. Ким буга нааразылыгын билдирсе өзүнүн наадандыгын жана келжиректигин гана айгинелеген болот.
Абибилла ажы Кадырбердиев