Сайдакмат ажы Аппазов: “Адамдын биринчи орунда жан дүйнөсү сулуу болушу керек”

Мындай пикирин Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Сайдакмад ажы Аппазов Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин директору Султанбек Момунов менен жолугушууда билдирди.

Жолугушууда окуучулар арасындагы ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, өспүрүмдөрдүн адеп-ахлагын жакшыртуу боюнча биргеликте иш-чараларды жүргүзүү боюнча маектешүү болду.

«Биз, келечек муундарыбызга жакшы тарбия берип, аларга туура багытты көрсөтүп, китеп окууга кызыктырышыбыз керек. Жаштар өлкөбүздүн келечеги. Аларга туура үлгү көрсөтүү биздин милдет», – деди Сайдакмад ажы Аппазов.