Өзгөндө имамдарга жыйын өтүлүп, айтты жакшы өткөрүү тапшырмасы берилди

Ош облусунун Өзгөн районундагы жалпы имамдарга өткөн кезектеги жыйында райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров алдыда келе жаткан Орозо айтка даярдык, мечиттин, короолорунун тазалыгына көңүл буруу жана мечитке келген жамаатка сылык мамиледе болуу боюнча тапшырмаларды берди. Райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров имамдардын да ой-пикирлерин угуп, хатибият менен тыгыз байланышта болууга үндөп, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы, облустук казыят жана хатибият тарабынан берилген тапшырмаларды так аткарууга жана расмий диний идаарадан чыккан фатваларга баш ийүүгө чакырды.

“Биз өзүбүз эгемендүү өлкөбүз. Өзүбүздүн Президентибиз, муфтийибиз бар. Демек Кыргызстанда жашап, бул жердин жарандыгын алып жүргөндөн кийин өз өлкөбүздүн муфтиятынын фатвасына баш ийүүбүз милдет. Ар түрдүү жалган маалыматтарга ишенбестен, расмий башкармалыктын маалыматын гана угалы”, – деди  Акжол ажы Бакиров.