Баткенде 250 апага ооз ачыруу саамалыгы өткөрүлдү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин демилгеси менен Баткен облустук мусулмандар казыяты тарабынан жалпы 250 апага ооз ачыруу аземи уюштурулду. Бул кечеге чек арада жакындарын жоготкон Баткен шаарындагы Мадина шаарчасынын тургундары жана Фаиза шаарчасынын жашоочулары чакырылды.

Программанын алкагында облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров «Сыноо жана сабыр», «Касиеттүү Кадыр кечинин пазилеттери» тууралуу кеп курду. Иш-чарага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Баткен шаарынын вице-мэри Мансур Маматисаевдер катышып, келген конокторду берекелүү Рамазан айы менен куттукташты.

Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын аялдар боюнча адиси Уулкан Дүйшөева тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулган ооз ачыруу кечесинде “Муаз ибн Жабал” медресесинин студенттери таланттарын тартуулашты. Саамалыктын соңунда, берилген суроолорго туура жооп берген катышуучуларга кызыктыруучу белектер ыйгарылды.