Кара-Сууда Азирети Муфтийдин катышуусунда таравих намазы окулуп, 30 пара Куран хатмы жыйынтыкталды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Исмаил ата” борбордук мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин  катышуусунда таравих намазы окулду.

Алгач Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баяндама жасап, ысырап кылуудан алыс болууга, ар кандай туура эмес агымдардан сак болууга, Ханафи мазхабын, Матуриди акыйдасын бекем тутунууга, Рамазан айында көп-көп ибадат кылууга, кайрымдуулук иш-чараларын уюштурууга, зекет-садака берүүгө чакырып, жаштарды бөлүнүп-жарылууга жол бербөөгө, ынтымактуу, ыймандуу, адептүү жана эмгекчил болууга үндөдү.

Андан соң окулган хатмы Курандын сообун маркумдарга арнап, мамлекет, эл-жер үчүн, Мекен үчүн, дин үчүн кызмат кылып жаткандарга дуба кылды.

Азирети Муфтий намаз соңунда Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыровдун баш имам-хатиб катары мыкты иш алып барып жатканын, 2022-жылдагы жылдык отчётту жогорку деңгээлде тапшырганын баса белгилеп, муфтияттын Ардак грамотасы менен сыйлады.

Ал эми облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев келген конокторго, уюштуруучуларга, райхатибге ыраазычылык билдирип, биримдик жана ынтымактын пазилети боюнча айтып өттү.