Лейлекте «Рамазан – Куран айы» аттуу Куран жарышы өткөрүлдү

Раззаков шаарындагы Лейлек райондук маданият үйүндө Лейлек райондук хатибияты жана «Адеп Башаты Баткен» диний уюму тарабынан «Рамазан – Куран айы» аттуу Куран жарышы өткөрүлдү.

Жарыш Лейлек району боюнча өткөрүлүп, ага кеминде 1 пара Куран жаттаган 20 жашка чейинки 100 гө жакын медреседе окубаган, карылык илими жок жаш үйрөнчүк Лейлек районундагы жаш өспүрүмдөр жана уландар катышты.

Куран жарышы бир пара (30-пара) жана үч пара (28-29-30-паралар) боюнча эки категорияда өткөрүлүп, үч карыдан турган калыстар тобу дайындалды.

Калыстар тобунун чечими менен 2 категориядан 1-2-3-орундар аныкталып, жалпы 6 байгелүү орунга ноутбук, смартфондор, телевизор, велосипед, самокат түрүндөгү баалуу белектер жана грамоталар ыйгарылды.