Кара-Кулжада 125 миң сомдук Рамазан баштыкчалары таратылды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Кара-Кулжа райондук хатибияты кайрымдуу жаштар менен биргеликте Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген 50 үй-бүлөгө 125 миң сомдук Рамазан баштыкчаларын таратты. 

Аталган кайрымдуулук иш-чарасы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин №80 буйругун аткаруу максатында уюштурулганын белгилеген райондун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев рамазандык акцияга колдоо көрсөткөн жаштарга жана салым кошкондорго ыраазычылык билдирди.