Периштелер

Алла Таалага мактоолор жана анын пайгамбары Мухаммадга салам, салаваттар болсун. “Асмандар менен жердин Жаратуучусу жана эки, үч, төрт канаттуу периштелерди элчи кылган Аллахка мактоолор!…” (35-1). Аллах Тааланын жараткан макулуктарынан бири – Периштелер. Периштелерге ыйман келтирүү ыйманыбыздын бир бөлүгү болуп эсептелет. Периштелерге ыйман келтирүү менен бирге алар жасап жаткан милдеттерине, аларды Алла Таала берген деп билүү. Ал буларды жараткандан максат алар Алла Таалага ибадат кылып жана ааламдагы кызматтарды аткаруу үчүн жараткан. Биз аларды көрө албайбыз бирок алардын бар экендигине ыйман келтиребиз. Себеби куранда көп жерде периштелер жөнүндө айтылат. Периштелер нурдан жаратылган, ал эми жиндер болсо оттон жаратылган деп хадисте кабар барилген. Албетте периштелер күнөө жасашпайт жана алардын арасынан адашып күнөө жасайт деп да айта албайбыз. Биз аларды көрө албайбыз, бирок бар экенине ишенебиз. Себеби Улуу Алла бизге, бизден бөлөк периштелерди нурдан жаратканын билдирет жана алардын арасында төмөн иш кылганы жок экенин билебиз. “… Эгеңдин аскерлерин бир гана Өзү билет. Бул, Тозок оту – адамдар үчүн эскертүү”. (74:31). “Күндүн күркүрөшү Аны мактап, аруулайт. Андан коркуп, периштелер да (аруулашат)…” (13-13). Периштелердин санын Алладан башка эч ким биле албайт, ошондой эле периштелер кандай сүрөттө экенин андан башка эч ким биле албайт. Куранда жана хадистерде айтылгандай алар эки, үч, төрт жана алты жүз канатууларына чейин жетишишет. Алар өтө көркөм сүрөттө. Периштелер Алланын аскерлери болуп саналат. “Анткени Ал ыймандуулардын жүрөктөрүнө – алардын ыйманы дагы да күчөөсү үчүн тынчтык салат. Асмандардын жана жердин аскерлерине Аллах гана ээлик кылат. Аллах – Билүүчү, Даанышман”. (48:4).  Периштелер (эркек, аял болуп) урууларга бөлүнүшпөйт. Алардын негизки милдеттеринин бири бул Аллах Таала менен адамдардын ортосундагы байланыштары. “Аллах айан аркылуу, же тосмонун (парданин) артынан, же Өз уруксаты менен пайгамбар жөнөтүп Өз каалаганын кабар кылбай туруп, адамга сүйлөгөн эмес. Акыйкатта, Ал – Бийик, Даанышман”. (42:51).  Перишетелерде коркуу сезими жок жана алар өздөрү-өзүн кармашат жана тынч мүнөздүү болушат. Периштелер өздөрүнүн эркетери, өздөрүнүн каалолору да жок. Алар ар кандай азгырыктарга дуушар болушпайт. Күч кубат жагынан адамдардан жана жиндерден алда канча күч кубаттуу келишет. Аллах Таала буйрук бергенде анын кыйкырыгынан бир топ эл кыйрап жок болгон  учурлар катталаган. Бул саамуд элине Жабраил (а.с.) кыйкырыгынан кыйрап калганы. “Биз аларга катуу добуш жибердик эле, алар чарбактын чөп-чарындай болуп сулап калышты”. (54:31). Ошондой эле кыйратып сала турган күч кубатка Исрафил аттуу периштени айтсак болот. Ал – эң чоң периштенин бири болуп саналат. Анын милдети, акырет заманында  сур тартуу болуп эсептелинет. Ааламдагы бардык жандуулардын жанын алууда Исрафил сур тартат. Ошол кезде бардыгы көз жумуп каза болушат. Анан экинчи жолу сур тартканда жашап өткөндөрдүн баары тирилишет. Улуу Алла Таала айтты: “Сурнай тартылганда Аллахтын каалаганынан башка асмандардагы жана жердеги жан ээлери өлүшөт. Андан соң экинчи жолу сурнай тартылганда алар (тирилип) күтүп калышат”. (39:68). Ар түрдү жашоо шартына ылайык периштелер болот. Периштелер бул дүнүйөдө да акыретте да адамдардын алдында жардам көрсөтүп, коргоп жүрүшөт. “Анын алдынан да, артынан да Аллахтын буйругу менен коргоп, ээрчип жүрө турган (периштелер) бар…”. (13:11 «Албетте силердин үстүңуздөрдө көз салып карап туруучулар (периштелер) бар. (Алар) ардактуу жазуучулар. Алар эмне кылганыңарды билип турушат.» (82:10-12). Периштелердин кээ бири адамдарды коргоо үчүн жаратылган. Сактоочу-периштелер, алар бири адамдын алды жагында ал эми экинчиси адамдын арт жагында коргоп жүрүшөт. Алар күндө алмашып турушат. Ошого окшош эле адамдардын кылып жатканын Жазуучу – периштелер болушат. Алар адамдын оң желкесиндеги периште адамдын жакшы амалдарын жазып турушат жана сол желкелеринде периште адамдын жаман амалдарын жазып турушат. Пайгамбар Мухаммад С.А.С. айтты: “Аларды (адамдарды) периштелер башкалары менен алмашышат. Алар (адамдар) намаз окушуп жаткан кезде Алланын астына барышат. Улуу жараткан алардан сурашат, Ал Өзу бардык адамдардын абалын билип турсада да: “Кандай абалда аны (адамды) калтырдыңар?” “Биз аны калтырып жатканда намаз окуп жаткан эле кайра кайрылып барганыбызда да намазын окуп жатканын көрдүк”. Хадисте айтылат: “Эгер ыйман келтирген киши күнөөлөрдөн бир күнөө жасап койсо, анда периште үч саатка чейин күтөт. Эгерде адам кылган күнөөсү үчүн Алла Таалага кайрылып кечирим тилессе анын күнөөсү кечирилет жана кыямат күнү ага азап болбойт”. Мындан бөлөк адамдардын өзүнө кийлигишпеген периштелер бар. Алардын арасында жаратылыштын жана анын кубулуштарын күчүн жолго салуу, күндүн нурун жана жылдыздарды асмандарда жолдо жүрүүсүн жөнгө салуу ж.бу.с. Мындан бөлөк Аллах Тааланын курсисин көтөрүп жүргөндөрү бар. Өзүнүн периштелери аракылуу Аллах Таала өзүнүн жаратып көйгон инсандар үчүн сүйүүсүн билдирет. Эгер Аллаху Таала бир пендесин жакшы көрсө Жабраил а.с. чакырып ага айтат: “Мен баланчы пендемди жакшы көрдүм, сен да аны жакшы көргүн”. Жабраил а.с. ал пендеге бардык жакшы сезимдерге бөлөйт жана асмандагылардын баарына айтат: “Аллахым чынында баланчы пендеңи жакшы көрдү, силерда аны жакшы көргүлө” деп. Асмандардагы баарысы аны жакшы көрүп калышат жана жерде да жакшы сезимдерге ээ болот”.  «Аллах – силерди караңгылыктан жарыкка чыгаруу үчүн Өзү да ырайым кылып, периштелери да ырайым кылат. Ал – момундарга Ырайымдуу» (33:43). Периштелер да жакшы каалоо кылышат. Пайгамбар Мухаммад с.а.с. айтты: “Периштелер силердин намаз окуп жаткан жериңерде сиздердин акыңарга Аллахымдан суранып дуа кылышат: “Эй Аллахым ушул пендеңдин күнөөлөрүн кечире көр, ага ырайым кыл”. Жума күндөрү жума намазына баргандарды жазып туруу милдети периштелерге койулган.  «Жума күнү периштелер мечиттердин киреберишинде туруп мечиттерге киргендерди жазып туруу милдети койулган. Аллаху Тааладан биринчи келгендерге Анын кобүрөк ырайымына эге болуу мүмкүнчүлүгү берилген. Качан имам адамдардын алдына чыгып сөз сүйлөгөндө периштелер өзүнүн жазууларын ороп койушуп аны тыңшап калышат”.

Жалпысынын Периштелер төмөнкүлөрдөн турушат:

  1. Мукаррабуун -Аллаху Таалага жакын турган периштелер.
  2. Хамаля аль-арш-Улуу Жаратуучунун олтургучун көтөрүп жүүрүүчү периштелер.
  3. Хафаза-Сактоочу периштелер. Бул периштелер адамдардын алдында жана артында болуп адамдарды сактап жүрүшөт.
  4. Киряман кятибин-Жазуучу периштелер. Алар адамдардын оң жана сол желкесинде болушуп, алардын жакшы жана жаман кылган иштерин жазып жүрүшөт.
  5. Забания-периштелери. Бул периштелер тозокто кызмат кылуучу периштелер. Бул периштелерде кымынчалык мээрими жок, эгерде кымынчалык мээрим болгондо дозокто кыйкырып азапталып жаткандарды көрүп мээрими келип кетмек эле.
  6. Мудаббират – Аллаху Тааланын каалосу менен ааламдын мыйзамдарын жана дүнүйөөнүн сакталышын көзөмөлдөөчү периштелер.
  7. Заажират – Бул периштелер булуттардын топтолушуна жана башка жаратылыштын мыйзамдарынын жүрүүсүн көзөмөл кылуучулар.
  8. Маляк аль-джибаль – Тоолорду сактоочу периштелер.
  9. Малаикатул маут – Бул периштелер Азраилдин жардамчылары.

Жана көптөгөн башка периштелер бар.

 

Даярдаган:

КМДБнын окуу бөлүмүнүн башкы адиси Орозали ажы Адранов