Эртең, 22-ноябрда Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Талас облусундагы бийлик жетекчилери, дин кызматкерлери жана шаар тургундары менен жолугушмакчы

Аймактарды өңүктүрүү жылына карата эртең, 22-ноябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык  мектебинын жыйындар залында жергиликтүү бийлик жетекчилери, дин кызматкерлери жана шаар тургундары менен жолугушмакчы. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мураталиев Марат Молдонович, Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Жумабеков Алмаз Артистбекович, Аалымдар Кеңешинин Талас облусундагы өкүлү жана Талас облусунун мусулмандар казысы  Таалайбек ажы Бапиев катышмакчы.

Аталган жолугушуунун алкагында  Ханафий мазхабы, Матрудий акыйдасы, ыйман жана адептүүлүк, берешендик менен кайрымдуулук, улууларды урматтоо менен улуттар арасындагы достукту бекемдөө, дин кызматкерлеринин билим деңгээлдерин жогорулатуу,   экстремизм, терроризмдин алдын алуу, жол эрежесин сактоо, коррупция менен күрөшүү, ысырапкорчулукту жою, мектеп окуучулары арасындагы рекетчиликтин жана өз өмүрүнө кол салууну токтотуу жана коомчулукта болуп жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдү болтурбоо багытында карапайым калк арасында түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзүү менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон алаканы жакшыртуу маселелери каралмакчы.