Таластагы дин кызматкерлери илимий жактан жана кол күрөш менен гиря көтөрүү боюнча өздөрүн сынашты

Талас облустук мусулмандар казыяты аймактагы дин кызматкерлери арасында Куран окуу, тажвид жана фыкх илими боюнча конкурс өткөрдү. Аталган конкурска КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, Талас облусунун  мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев жана казыят кызматкерлери катышышты.

Конкурстун жүрүшүндө Касым ажы Сыдыков,  Медер ажы Сагынбаев,  Айбек ажы  Батырбеков жана  Мырзагул ажы Дооронбековдор комиссиялык курамга киришип, имамдардын билим деңгээлине жараша эки тайпага бөлүп, конкурс өткөрүштү.

Конкурс алкагында медресе, институттан билим алгандар өзүнчө бир топту түзүшсө, ал эми айыл имамдарынан өз алдынча билим алгандар өзүнчө бир топ болуп эки тайпага бөлүнүп, конкурс 2 бөлүктөн турду. Конкурс алкагында ар бир дин кызматкери өздөрүнүн чеберчиликтерин жана билим деңгээлдерин көрсөтүшүп, берилген тапшырмаларды аткарууда аракеттерин кылышты,-деди облус казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков.

Конкурстун жыйынтыгында Куран окуу, фыкх илими боюнча 1-орунга ээ болгондорго атайын грамоталар жана «Хадистердин негизинде Ислам» аттуу 7 томдук китеп, Куран тафсири белек кылынса, 2-3-орунга ээ болгондорго атайын белектер ыйгарылды.

Муну менен катар дин кызматкерлери илимий конкурстун алкагында  кол күрөш жана гиря көтөрүү боюнча өздөрүн сынашып, мыкты аталган имамдар атайын грамоталар менен сыйланышты. Конкурстун жыйынтыгында Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев жалпы имамдардын аткарып жаткан иштерине ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгилик каалады.