Муфтият “International Alert” уюму менен биргеликте Токмоктогу Борбор Азия Эл аралык университеттин студенттерине «Динде билим алуунун маанилүүлүгү» аталышындагы жолугушуу өткөрдү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов “International Alert” уюмунун өкүлдөрү менен биргеликте Токмок шаарындагы Борбор  Азия Эл аралык университетинин студенттерине «Динде билим алуунун маанилүүлүгү»  аталышындагы жолугушуу өткөрүштү.

Студенттер менен жолугушуу алкагында КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы ыйык Куран, хадистердеги билим алууга болгон чакырыктарды түшүндүрүп берип, Ислам тарыхынан чыккан атактуу аалымдар жана алардын адамзаты үчүн алып келген пайдаларын айтып, бүгүнкү күндөгү билим алуунун  зарылчылыгына токтолду.

Биз жолуккан студенттер буга чейин түшүнө албай келген суроолоруна чекит койгондуктарын билдиришти. Студенттер  абдан кызыктуу суроолорду берип жатышты. Муну менен катар студент кыздар Токмок шаарында Ислам аялдар борбору болсо, дин тууралуу маалыматтарды алып турганга жакшы болмок деген пикирин билдиришти,-деди Акимжан ажы Эргешов.

Муну менен катар КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Ислам дини жалпы билим менен диний билимдин ортосун бөлбөй тургандыгын, Ислам дини бул эки билимди тең өздөштүрүүгө чакырып, жалпы жонунан билим алууга үндөй тургандыгын билдирип, келечек муундарды ары билимдүү ары тажрыйбасы мол адистерден болуу менен мамлекетибиздин өсүүсүнө салым кошууга чакырды.