Жети-Өгүздүн баш имам хатиби Каныбек ажы Кожогулов Ырдык айылынын эли менен жолугушуп, жергиликтүү тургундарга жаңы дайындалган имамды тааныштырды

Жети-Өгүз районунун Ырдык айылындагы жергиликтүү жашоочуларга “Эл ортосундагы ынтымак” аталышында атайын жолугушуу уюштурулуп, ага айыл аксакалдары, жаштар жана жергиликтүү жашоочулар катышты. Иш чара алкагында конфессиялар аралык достукту бекемдөө, ынтымак менен биримдиктин маанилүүлүгү, кошунага жакшы мамиле жасоо жана кайрымдуулуктун берекеси темалары боюнча баяндамалар жасалып, сунуш-пикирлер айтылды.

Албетте, максатыбыз улуттар арасындагы алаканы чыңдоо жана достук мамилени бекемөө болуп саналат. Ошондуктан бул иш чарабыздын алкагында Ырдык айылындагы жашоочуларга тынчтык менен биримдик туурасында атайын баяндамалар жасалып, аймактарды өнүктүрүү жылына карата түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз,-деди Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Каныбек ажы Кожогулов.

Муну менен катар бул күнү Ырдык айылындагы экинчи мечитке “Айша эне” наамы ыйгарылып, имамдыкка жаңы дайындалган Наншанло Маджит айыл элине тааныштырылды.