Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев: Жүрөк оңолсо тилибиз, алкымыбыз, оюбуз, пейилибиз, мүнөзүбүз, жашообуз, чөйрөбүз оңолот

Бүгүн, 22-ноябрда аймактарды өңүктүрүү жылына карата Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Талас облусундагы бийлик жетекчилери, дин кызматкерлери жана шаар тургундары менен Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинын жыйындар залында жолугушту. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мураталиев Марат Молдонович, Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Жумабеков Алмаз Артистбекович, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Кенжетай ажы Курманходжаев жана Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев катышты.
Аталган жолугушуунун алкагында Ханафий мазхабы, Матрудий акыйдасы, ыйман жана адептүүлүк, улуттар арасындагы достукту бекемдөө, экстремизм, терроризмдин алдын алуу, жол эрежесин сактоо, коррупция менен күрөшүү, ысырапкорчулукту жою, мектеп окуучулары арасындагы рекетчиликтин жана өз өмүрүнө кол салууну токтотуу жана коомчулукта болуп жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдү болтурбоо багытында карапайым калк арасында түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзүү сыяктуу бир топ маселелер каралды.

Жолугушуунун алкагында Азирети Муфтий эл ортосундагы ынтымакты бекемдеп, ар кандай терс көрүнүштөрдөн оолак болууга чакырды. Ошондой эле адамдардын ортосундагы бири бирине болгон жакшы мамиле, улууларга болгон урмат-сыйдын өсүшү менен келечек оңоло тургандыгын билдирди.

Адамдын денесинде бир муштумдай эт бар. Ал оңолсо бардыгы оңолот, ал бузулса бардыгы бузулат. Кулак салып уккула! Ал жүрөк. Жүрөк оңолсо тилибиз, алкымыбыз, оюбуз, пейилибиз, мүнөзүбүз, жашообуз, чөйрөбүз оңолот.  Жүрөктөрүбүз бири бирибизге таза болмоюнча аймактарды өнүктүрө албайбыз. 

Муну менен катар Азирети Муфтий аймактарды өнүктүрүүдө жаштардын билим сапатына көңүл буруп, аларды ыймандуу, адеп-ахлагын бийик кылып тарбиялоо керек экендигин баса белгиледи.

Мамлекетибиз качан өнүгөт? Качан алыскы аймактагы айылдагы адамдардан тарта жетекчилерге чейин адамдардын жүрөгү оңолсо, жараткандан коркуу сезими болсо, ошондо мамлекетибиздин өнүгүүсү болот. Жаштарга туура тарбия берүү мамлекетибиздин өнүгүүсүнүн ачкычы экенин белгилеп кетишибиз керек. Келечек муунду тарбиялоодо биздин ролубуз чоң. Ошондуктан биздин мойнубуздагы милдет көп экенин сезе билип, тарбиялык мааниси чоң иш чараларды уюштурушубуз керек,-деди Азирети Муфтий.

Андан сырткары Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев, облус аймагындагы диний кырдаал жөнүндө айтып берип, бир жылда аткарылган иш чаралар тууралуу келген жыйындын катышуучуларына маалымат берди.
Жыйындын соңунда Максатбек ажы Токтомушев шаар тургундары менен баарлашып алардын суроолоруна жооп берди.