Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кечээ, 22-ноябрда Талас облусуна болгон расмий иш сапарынан алкагында КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев менен жолугушуп, аймактагы диний абал, эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу жаатында пикир алышты.

Муну менен катар жолугушуу учурунда өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү казыят кызматкерлери менен байланыш бекемдигин, дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгү менен жакындан тааныш экендигин айтып, бул жаатта бир топ иш аракеттердин болгондугун билдирди. Ал эми Азирети Муфтий өзүнүн Талас облусуна болгон иш сапарынын максатын айтып, кабыл алынган иш пландын негизинде буга чейин Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында болгондугун айтып берди. Ошондой эле Азирети Муфтий эл ичиндеги ынтымак менен биримдүүлүктүн мааниси чоң экендигин белгилеп, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.