Талас шаарындагы «Чет тилдер» кыздар медресесинде билим алып жактан студенттер 7 тилди окушуп, кошумча тигүүчүлүк кесибин үйрөнүшүүдө

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Талас облусунун Талас шаарына караштуу Сарыгулов көчөсүнөн орун алган «Чет тилдер» кыздар медресесинин жана казыяттын алдындагы аялдардын окутуу борборунун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып чыкты. «Чет тилдер» кыздар медресесинде бүгүнкү күндө 8 мугалим, 61 студент кыз билим алышса, келип-кетип окуган кыз-келиндердин жалпы саны 250дөн ашат. Медресе 2017-жылы кесиптик билим берүү долбоорунан тигүүчүлүк кесибин тандап, быйылкы жылы 45 студент тигүүчүлүк кесибин аякташып, атайын сертификатка ээ болушкан. Ал эми «Чет тилдер» кыздар медресесинде англис, орус, араб, япон, түрк, корей жана франсуз тилдери окутулуп, англис тили боюнча билим алышкан 15 студент сертификат алышкан.

Муну менен катар суденттер япон, орус тилдери боюнча сынактарга катышып, өз билимдерин сынап турушат.

Бул жетишкендиктерге күбө болгон Азирети Муфтий диний билим берүү тармагында абдан жакшы ийгиликтер бар экендигин айтып, билим эле албастан тил үйрөнүп жаткан студенттерге ыраазы болуп, окууларына ийгилик каалады.

Чет тилдер» кыздар медресесинде курстук негизде информатика сабагын киргизилип, учурда окуучулар жакшы өздөштүрүп калышты. Ал эми англис тилин өздөштүргөн студенттерибиздин айрымдары жогорку окуу жайларындагы бюджеттик орундарга дагы татыктуу болушуп, учурда билим алып жатышат,-деди облустук казыяттын үгүт-насаат жана окуу бөлүмүнүн башчысы Өмүрзак ажы Абдысамат уулу.