Ошто экстремизм жана терроризмге каршы жөө жүрүш өттү

Бүгүн, 23-ноябрда Ош шаарында “Коопсуз Ордо” долбоорунун алкагында экстремизм жана терроризмге каршы жөө жүрүш өттү. Жөө жүрүшкө мэрия өкүлдөрү, ​шаардык кеңештин депутаттары, муниципалдык ишканалардын, казыяттын кызматкерлери жана студенттер катышты. Иш чаранын алкагында шаардагы борбордук аянтта Ош шаарынын вице-мэри, шаар казысы, жаштар комитетинин төрагалары жана жогорку окуу жайдын студенттери сөз сүйлөштү.

Мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо ар бир жарандын милдети. Ал эми экстремизмди жана терроризмди болтурбоо–бул мекенге болгон патриоттулугу жана тынчтык үчүн кошкон салымы,-деди шаар казысы Убайдилла ажы Сарыбаев.  

Ал эми жөө жүрүштүн катышуучулары колдорунда радикалдык, террористтик жана башка терс көрүнүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча ураандар жазылган транспаранттарды кармап чыгышты.