Сузактагы С.Атабеков атындагы айыл өкмөтүндө «Улуттар аралык ынтымак, экcтремизм жана радикализмге жол жок» аталышында тегерек стол өттү

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу С.Атабеков атындагы айыл өкмөтүндө  райондун баш имам хатиби, МУКК жана РИИБ кызматкерлери, аксакалдар кеңешинин төрагасы, айыл өкмөт башчы, айыл башчылары, мектептин мугалимдери жана жаштардын катышуусунда тегерек стол өтүп, анда терс диний агымдардын алдын алуу маселелери талкууланды. Тегерек столдун жүрүшүндө этностор аралык мамилелер боюнча өкүл Караев Турдукул ынтымактын маанилүүлүгү боюнча баяндама жасап, жергиликтүү тургундарды биримдикке чакырды. Ал эми райхатиб Жунус ажы Исмаилов улуттар арасындагы ынтымактын шариаттагы орду туурасында маалымат берип,  элди бири-бири менен жакшы мамиледе болуп, адам баласы бул дүйнөдө татыктуу жашоосу керек экендигин түшүндүрдү.

Мектеп окуучуларына жакшы тарбия берсек келечекте элдин керегине жараган азаматтардын көп болот. Ар кандай диний агымдарга азгырылбай, балдарды ата-энелер көзөмөлгө алып, башка агымдардын курманчылыгы болуп калуусынан этият болууга үндөйлү,-деди Жунус ажы Исмаилов.