Учурда Палестина дегенде оор үшкүрүккө түшүп, ичи ачышып өрттөнбөгөн ыймандуу жүрөк болбосо керек. Ушундай абалда көпчүлүк ыймандуу кишилер эмнедир кылуу зарыл деп ынтылганын байкайбыз, ошондой эле жаштар билип-билбей туура эмес кадамдарга барып, мыйзамсыз аракеттерге өтүүсү мүмкүн. Бул күндөрү биз, дин кызматкерлери эли-журтка, жамаатыбызга туура жолду көрсөтүү инсандык озуйпабыз болуп эсептелинет. Туура, бир түйшүктүн артында жакшылык бар дешибиз мүмкүн, бирок жогорудагы айтылган жаштардын арасындагы туура эмес түшүнүктөрдү өз убагында оңдоп койбосок, денедеги билинбей башталган оору барып-барып чоң дартка айланып кеткен сыяктуу, оор абалга түшүп калуу коркунучу бар. Адамдардын көз карашынан биз эмне кылышыбыз керек деген көз карашты байкайбыз. Жооп берүү зарыл. Демек, биз эмне кылышыбыз керек? Аалымдардын сөздөрүнөн жана ислам тарыхынан пайдаланабыз.
1) Күнөөлөрдөн качып, өткөн иштерге чын жүрөктөн тообо кылып, истигфарларды көп-көп айтабыз. Өзгөчө уятсыз бузукулуктан өзүбүздү, көзүбүздү, тилибизди да сактайбыз. Ички душман болгон нафсибизди жеңалбай туруп тышкы душманды жеңе албайбыз. Умар (р.а.) сөзүн эске алабыз: «Силер башкаларга караганда күнөөдөн сактануу менен күчтүүсүңөр, эгер күнөөлөрдөн сактанбай алар менен тең болсоңор, жеңилгениңер ошол».
Тарыхта биз, үммөттөр таза руханият, жакшы адеп-ахлак, Жаратканга баш ийүү менен байланышып тургандыгыбыз себебинен жеңиштерге жетишип келгенбиз.
2) Жаратканды эстөө, зикир кылуу, дуба кылуу, Куран окуу, пайгамбарыбызга (с.а.в.) көп-көп салам салаваттарды айтуу.
Динибизде зикир жана дуба момундар үчүн эң чоң курал жана коргоочу экени айтылат. А Куран окуу болсо рухка эң күчтүү кубат болот жана жүрөктү тазалайт. Салам-салаваттар болсо түйшүктөрдөн арылтары хадистерде белгиленген. Бир эле кабыл болгон дуба жашооңузду өзгөртүп жибериши мүмкүн, андыктан түн уйкубуздан туруп, чын жүрөктөн намазыбызда көз жаш менен дубаларды кылуубуз зарыл ушул күндө. Аллах Таалага жеңил, канчалаган заалымдар дуба менен жеңилгенине тарых күбө. Бир гана үмүтсүз болбошубуз керек. Зикир, Аллахты эстөө да жүрөккө тынчтыкты алып келет, өтө көп пайдаларга себепчи болот.
3) Курандын маанисин жеткиликтүү түшүнүү, аяттарды окуп туура ой жүгүртүү жана шүгүр кылуу.
Курандын маанисин окуп алып, аны түз пайдаланууну токтотуп, тафсир аалымдарынын сөзүн угуп, өз алдыбызча пикир чыгарбай, туура ойдо түшүнүүбүз жашообузга пайда алып келет. Ал эми шүгүр кылсак, нафсибиздин каалоосунан, ар тараптуу алдым-жуттум жаман каалоолордон токтотот жана ийгиликке жеткирет.
4) Илимге жөлөнүү, такталбаган маалыматтардан алыс болуу жана алданып калбоо.
Хадисте айта турган нерсең күндөй ачык көрүнүп турмай сайын, ага күбөлүк берүүгө тыюу салынган.
Илгерки аалымдар саламга да китепке карап алик алышкан деп айтылат.
Минген атынын буту төртөө экен десе да, төрт бутун кармап көрүп далили толук болгондон кийин гана «ооба» деп жооп беришкен. Ар тараптан алынган жалган маалыматтарга ишенип сөз сүйлөбөө керек, азыркы маалымат согушунда биз мусулмандар өтө сак болушубуз шарт.
5) Тарыхты үйрөнүү.
Ислам тарыхына көз чаптырсак, мусулмандар көбүнчө сабырдуулук, даанышмандык, акылмандуулук, илим-билим менен жеңишке жетишип келген.
Тарыхта ошол Куддуска динсиздер тарабынан кол салынып турган бир кезде ислам тарыхындагы белгилүү баатыр Салахиддин Аюбинин бир окуясын эске салабыз.
Жума күнү. Салахиддин жума намазында кутба окуп жаткан кезде бир жаш жигит туруп суроо салат: «Азыркы кезде Куддусту душмандар эзип жатканда сен бизди душмандарга каршы күрөшүүгө чакыруунун ордуна кутпада башка сөздөрдү айтууңун кандай мааниси бар?»
Салахиддин эч кандай жооп бербей кутбасын бүтүрүп намазга киришет.
Эртеси ошол эле жамаат менен багымдат намазын окуп бүтүп, дуба кылуу үчүн Салахиддин артка карап жамаатка кайрылып: «Кечээги жума кутбасында суроо берген жигит кана?» деп жамаатынан сурайт.
Ошондо жамаат ал жигит багымдат намазына жамаатка келбегендигин айтат.
Салахиддин: «Өзүнүн напсин жеңе албай багымдатка туруп жамаатка келе албаган адам душманга кантип каршы чыга алат, ушундай алсыздардын айынан мусулмандар азап тартып жатышат», — деп айтат.
Тарыхта Куддустагы 70 миңдей мусулмандардын каны төгүлгөнү айтылган.
6) Адилеттүү болуу жана элге, жамаатка акыйкатты так айтуу.
Балким жалган маалыматтардын туура эмес экендигин айтып, чындыгын так далили менен тастыктап коюуу да ыймандуу кишинин иши. Ушак-айыңды четке кагалы.
7) Жаштарга, балдарыбызга бүгүнкү болуп жаткан окуяларды туура, так, акыйкатты айтып берүүбүз абзел.
Мамлекеттер өз ара келишип алуусу мүмкүн, бирок биз балдарыбызды келечек муунду туура тарбия менен тарбиялабасак, алар келечекте коомго чоң коркунуч жана түйшүк алып келүүсү мүмкүн.
8) Туура ой жүгүртүү жана сөз эркиндигин туура пайдалануу.
Азыркы заманда көпчүлүк сөз эркиндиги бар деп туура эмес сөздөрдү сүйлөп коюп, ошол сүйлөгөн сөзүнөн коркуп жүрүшөт.
Туура ой жүгүртпөгөн адам туура сөздү сүйлөй албайт. Биздин ой жүгүртүүбүз, сүйлөгөн сөзүбүздүн ар бир тамгасы менен коомго пайдабызды тийгизип, зыяныбызды тийгизбей, элибизге туура кызмат кылууга тийишпиз.
Азыркы учурда жогорудагы айтылган амалдарга бекем болсок деген оюбузду билдирдик.
Элибизде жакшы сөз бар: «Башыңа түйшүк түшсө айыпты өзүңөн изде».
Түйшүк тартпай, анын алдын алалы, бир туугандар!
Даярдаган: Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов