Сайдамир ажы Жейналиев “Абдурахман ибн Ауф” медресесинин студенттери менен жолукту

Бүгүн, 30-октябрь күнү Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Абдурахман ибн Ауф” медресинде окуп жаткан студенттер менен жолукту.

Аталган жолугушууга облус казысы баш болгон казыят кызматкерлери жана КР ДИМК түштүк аймактык бөлүмүнүн адиси Ибрахим Жумабай уулу, райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, медресе мугалимдери жана студенттер катышты.

Жолугуу Куран окуу, жалпы дүйнөгө, өлкөгө тынчтык тилөө, анын катарында Палестинада курман болгондорго дуба кылуу жана гимн менен башталды.

Жыйын алкагында облус казысы дин тутуу эркиндигин туура пайдалануу, ар убак билимге умтулуу керектигин жана убакытты туура колдонуу боюнча сөз сүйлөп, “Мазхаб кармануунун заарылдыгы” аталышында лекция окуду.

“Мазхаб – бул мектеп. Жашоодо кандай гана шарияттык көйгөй же маселе жаралса, анын жообу аталган мектепти окугандан кийин гана табылат. Ал эми сиз менен биздин мазхабыбыз — ханафи мазхабы. Бул нерсени терең окуп, ийне-жибине чейин өздөштүрүүбүз керек. Анткени кудай таала бүгүнкү күнү дин эркиндигин берди. Албетте мунун кадырына жетүүбүз зарыл. Бир учурларда илим алууга эмес, намаз окууга зар болгон убактар өткөн. Ошондуктан берилген мүмкүнчүлүктөрдү туура колдонуп, жакшы пайдаланалы”.

Ал эми Ибрахим Жумабай уулу КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты, динге болгон эркиндик жана 2021-2026-жылдаргы карата бекитилген Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын артыкчылыктуу багыттары боюнча түшүндүрүп, жаштарды диний мүнөздөгү маалыматтарды бөлүшүүдө абайлоого чакырып, мыйзамды билбестик аны жоопкерчиликтен куткарбастыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө казы орун басары Алибек ажы Жусупов жаштарды калктын ар кандай аяр сезимине тийип, түрдү жолдор менен азгырып жаткан туура эмес топтордон узак болууга чакырып, ааламда болуп жаткан окуяларга дуба кылуу менен гана жардам бере алууну эскертти.

Аны менен бирге райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров илимде из калтыруу улуу даражаларга жеткирерин жана кабыл болгон бир дуба менен баарын өзгөртүү мүмкүн экенин белгиледи.