Ысык-Көл районунда имамдардын чогулушу өттү

Ысык-Көл районунун имамдарынын кезектеги көчмө жыйыны Бактуу-Долоноту айылында болду. Жыйында мечиттердин жылуулугу, кышка даярдыгы, тазалыгы, имамдардын ишмердүүлүгү жөнүндө сөз болду.

“Бул жолку чогулушубуз Бактуу-Долоноту айылында болуп өттү. Имамдарга ысырапчылык боюнча түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүү, КМДБ, казыяттан келген буйруктарды так аткаруу, ханафи мазхабы менен матуриди акыйдасын жайылтуу, 2024-жылдагы ажылыкка ниет кылгандар болсо катталуу тууралуу түшүндүрүү маселелери боюнча тапшырмалар берилди” — деп кабарлады Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиев.