Кара-Сууда 12 жаштан жогоркуларга китеп окуу сынагы уюштурулуп, алдыңкы 3 орунга умрага жолдомо каралды

Бүгүн, 30-октябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү “Кашкар Кыштак” жума мечитинде 12 жаштан жогорку курактагы өспүрүмдөргө пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өмүр баяны жана төрт халифанын өрнөктүү жолу боюнча китеп окуу конкурсу өткөрүлдү.

Аталган саамалыкка Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов жана Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров катышты.

Илим алуунун эрте-кечи болбосун, мусулман киши ар дайым бардык тараптан сабаттуу болушу зарыл экенин айткан Алибек ажы Жусупов жалпы катышуучуларды китеп окууга чакырып, ийгиликтерди каалады:

“Тарыхта кандай гана илимпоздорду билсек, алардын өтө көпчүлүгү мусулман болгон. Кандай гана илим болбосун, анын баары Куран жана хадисте камтылган. Ошол себептен тарыхта из калтырган улуу аалымдар, ойчулдар мусулмандардан көп чыккан. Биз ошол улуу инсандардын урпактарыбыз. Биз да алар сыяктуу илимге чумкуп, артыбыздан эл эскерген из калтырышыбыз керек. Пайгамбарыбыз (с.а.в) “Бешиктен кабырга чейин илим издегиле!” деп айткан. Андыктан илим алууда жаш курак чектелбейт”, — деди ал.

Ал эми элибиздин сабаттуулугуна салым кошуп келе жаткан демөөрчүлөргө жана демилгечилерге ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалаган райондун баш имам-хатиби Абирашит ажы Батыров төмөнкүлөргө токтолду:

“Жакшылыкка далалат кылуучу киши, ошол ишти аткаргандай сооп алат” деп пайгамбарыбыз (с.а.в.) өзүнүн куттуу хадисинде айткан. Азыркы китептен узакташып калган заманда мындай үлкөн иштерди уюштуруу чоң ийгилик. Анткени баарыбызга маалым болгондой, жаштарыбыздын китепке болгон сүйүүсү суздап калган заман. Ушул учурлдарда алдыга кызыктыруучу сыйлыктарды коюп, китеп окууга шыктандырган жалпы уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз”.

Эскерте кетсек, сынактын жеңүүчүлөрүнө кызыктыруучу белектер коюлуп, ал эми алдыңкы үч орунга умра сапарына жолдомо ыйгарылды. Сынактын максаты жаштарды китеп окууга кызыктыруу жана пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өмүр таржымалын жакындан таанытуу экенин уюштуруучу топ билдирди.