Ошто окуу борборун ийгиликтүү аяктаган кыз-келиндерге Куран белек кылынды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Ыйман-Бакыт» коомуна караштуу «Рабиятул адавия» атындагы аялдар окуу борборунда бүтүрүүчүлөргө диплом берүү аземи болуп өттү.

Саамалыкка КР ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, «Ыйман-Бакыт» коомдук фондунун жетекчиси Талант Алмаматов, казыяттын аялдар бөлүмүнүн жетекчиси Жамийла Жапашова жана окуу борбордун мугалимдери катышты. 

Саамалыктын алкагында Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев ислам дининин баалуулуктары, ханафи мазхабы, матуриди акыйдасы тууралуу токтолуп, жаштарды туура жолдо болууга жана татыктуу илим алууга чакырды.

Ал эми Фурхатбек  Адилбек уулу: «Кыргызстанда динге болгон эркиндик кенен, бирок тилекке каршы жат көрүнүштөр пайда болуп, коомубузга коркунуч алып келе турган экстремизм, терроризм жана башка терс агымдар жана уюмдар зыянын тийгизип жатат. Мен сиздерди радикалдуу жана салттуу эмес агымдардан алыс болууга чакырамын. Учурунда алар менен алгылыктуу күрөшүп, алдын алуубуз керек», — деди.

Саамалыктын жыйынтыктоо бөлүгүндө Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров иш-чараны уюштуруучуларга, мугалимдерге жана келген конокторго ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, быйыл «Рабиатул адавия» атындагы аялдар окуу борборун 30 кыз аяктап, бүтүрүүчүлөргө казыят жана хатибият тарабынан 30 даана Куран китеби белек кылынды. Алардын ичинен 10 окуучу кыз Куранды толук жаттаган. Ал эми 20 окуучу илим жаатындагы бүтүрүүчү кыздар.