«Бекем үй-бүлө — күчтүү мамлекет» аттуу агартуу кербени Кызыл-Кыя шаарында уланды

Баткен облустук мусулмандарынын казыяты Кыргызстан ислам университети менен биргеликте уюштурган аялдар үчүн «Бекем үй-бүлө — күчтүү мамлекет» аттуу агартуу кербени Кызыл-Кыя шаарындагы маданият үйүндө уланды.

Дин аалымы Абдишүкүр ажы Нарматов «жакшы аял бейишке жетелейт» сөзүнө токтолуп, үй-бүлө баалуулуктарына басым жасады. Кыргызстан ислам университетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Шермухаммад Ташматов «Сен жылмайсаң, аалам сага жылмаят» деп, эже-карындаштарды жагымдуу маанайда жашоого чакырды.

Сөз соңунда Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров  аалымдарга ыраазычылыгын билдирди.

КИУнун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын билдиришинче, статистикалык маалыматтарга боюнча акыркы мезгилде ажырашуулар жана үй-бүлөлүк көйгөйлөр көбөйүп жатканынан улам, бул иш-чара уюштурулуп, үй-бүлө баалуулуктарын сактоого чакырган маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.