Кызыл-Кыя шаарында Азирети Муфтийдин катышуусунда «Исламия» атындагы мечиттин ачылыш аземи болуп өттү

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Кызыл-Кыя шаарынын мэри жана ар тараптан келген коноктордун, айыл жашоочуларынын катышуусунда заманбап шарттары менен курулган “Исламия” атындагы мечиттин ачылыш аземи болуп өттү.

Аземге келген Азирети Муфтий Замир кары Ракиев куттук айтып, жакшы тилектерин билдирип, Куран аяттары, хадистердин негизинде элге баяндама айтты. «Ыйман ордосу болгон жаңы мечиңиздер куттуу, берекелүү болсун. Мечит куруунун сооптору чоң. Пайгамбарыбыздын бир хадисинде (с.а.в) ‟Ким Алланын ыраазычылыгы үчүн мечит курса, Алла Таала аларга бейиштен касыр сарай даярдайт” деп келет. Мына ошондуктан соопту башкаларга алдырбай өзүбүздө сактап, айыл эл биригип ушул кооз мечитти курганыңыздар абдан сүйүнүчтүү», — деди Замир кары Ракиев.

Ал эми Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов айыл тургундарын жаңы мечити менен куттуктап буларга токтолду. «Баарыбызга жаңы мечит кут болсун. Мечиттин сырткы кооздугу бүттү. Эми болсо ички кооздугу калды. Тактап айтканда, мечиттин ичин толтуруу, мечитте намаз окуудан сырткары, сабактарды уюштуруу келечек муундун жакшылыкты үйрөнүп, жамандыктан арылуучу, ынтымакты бекемдөөчү, эң негизгиси амал үзүлбөгөн мечиттерден болушу бул ички кооздугу болуп саналат», — деди Абдишүкүр ажы Нарматов

Мечитти ачуу аземине келген дин кызматкерлери менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү каалоо-тилектерин айткан соң,  Азирети Муфтий жалпы элдин, мусулмандардын тынчтыгын, өсүп-өнүгүүсүн тилеп дуба кылды.

Белгилей кетсек, мурда жаңы мечиттин ордунда эски мечит болгон. Жергиликтүү тургундар мечитти бир канча жолу оңдоп-түзөө аркылуу пайдаланып келген. Ал эми бүгүн элдин демилгеси жана чет өлкөдө эмгектенген Караван айылынын жашоочуларынын колдоосу аркылуу эски мечит ордуна 1000 кишиге ылайыкташкан жаңы мечит курулду.