Абдишүкүр ажы Нарматов чек арада жайгашкан Кара-Бак айылындагы эл менен жолугушту

Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын уюштуруусу менен Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов жана КИУнун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Шермухаммед ажы Ташматов илимий иш сапары менен Баткен районунун Кара-Бак айылындагы жашоочулар менен жолугушту. 

Жолугушууга Баткен облусунун казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов, Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов жана казыят кызматкерлери катышты. 

Айыл тургундарына Абдишүкүр ажы Нарматов үй-бүлө баалуулуктары, ислам дининин асыл баалуулуктары, бала тарбиясы тууралуу пайдалуу насааттары менен бөлүшүп, жаштарды туура жолго тарбиялоо жана диний агартуучулук багытында кеңири түшүндүрмөлөрдү берип, «Аллахты сүйүү – бул анын буйруктарын так аткаруу болуп саналат. Буйруктарды аткарууда жүрөк маанилүү болгондуктан тооба кылып, жүрөгүбүздү күнөөлөрдөн тазалоо керек. Денебизди тамак-аш менен азыктандырган сыяктуу, жан дүйнөбүздү ибадат менен азыктандыруу керек», – деди белгилүү дин аалымы.

Жолугушууда  КИУнун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Шермухаммед ажы Ташматов тарабынан ынтымак, элге кызмат кылуу, Мекенди сүйүү жана үй-бүлө темасында кеңири баяндамалар айтылды.

Иш-чара соңунда аалым Абдишүкүр ажы Нарматов жарандарга өзүнүн «Өчпөс өмүр», «Адам адеби» аттуу китептерин белекке берди.