Кең-Суу айылында жаңы мечит салынып, ишке берилди

Кечээ, 28-октябрь күнү ажобуздун кичи мекени болгон Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кең-Суу айылында “Мусталый уулу Нуркожо” атындагы жаңы, заманбап мечиттин ачылышы болду. Мечиттин ачылыш аземине Президент Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков, Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматов, “Ас-Санабил” фондунун төрагасы Саид Баюми, казыят, хатибият кызматкерлери жана айыл тургундары катышты.

Аземде президент эл ичинде тынчтыктын, адептүүлүктүн, ыймандуулуктун, берешендиктин, кайрымдуу инсандардын көбөйүшүнө, ал эми терс көрүнүштөрдүн, анын ичинде сүткордук, уурулук, зордук-зомбулукту азайышына имамдардын, аалымдардын, дин кызматкерлеринин кылган аракеттери чоң экенин баса белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду:

“Бүгүн Кең-Суу айылыбызда элди ыймандуулукка, адептүүлүккө үндөгөн мечит ачылып кубанып турган чагыбыз. Анткени ханафи мазхабын карманып, ислам динине баш урган, адилеттүү, ыймандуу, ынсаптуу, руханий адептүүлүккө умтулган, түз жүргөн жаштардын көбөйүүсүнө дал ушул мечиттер себеп боло алат деп ишенем. Бардык шарттары менен заманбап мечит куруп берген “Ас-Санабил” кайрымдуулук фондуна, демөөрчүлүк кылган инсандарга өзүмдүн жана жалпы элдин атынан ыраазычылык билдирем”, — деди.

Мечитте намаз окулуп, намаздан соң Азирети Муфтий элге мечит, ынтымак, башчыга баш ийүү, ага жардамдашуу тууралуу баяндама жасады.

Эскерте кетсек, жаңы  мечит мурда Нуркожо ата балдары менен курган мечиттин ордуна курулду. Жаңы диний объект эки кабаттан туруп, 1500 кишиге ылайыкталган.