Кумарбек Орозалиев: «Жаш желкелерде улуу баштар бар»

Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясы тарабынан уюштурулган  “Нарын коопсуз шаар жана зомбулукка жол жок” аталышындагы иш-чара болуп өттү.

Нарын жаштар ордосунун залында уюштурулган саамалыкка Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын орун басары Кумар Кабылбеков, Нарын облусунун казысынын орун басары Кумарбек Орозалиев, Нарын облустук аялдар кеңешинин төрайымы Шарапат Урматова, Нарын шаарынын ак сакалдар сотунун төрайымы Гүлбүбү Байбугуева, шаардык прокуратурадан өкүлдөр жана мектеп окуучулары катышышты.

Иш-чарада окуучуларга кылмыштуулуктун кесепети, жарандык жоопкерчилик, окуучунун адеп-ахлагы, зордук-зомбулукка каршы туруу тууралуу сөздөр айтылды. Кумарбек Орозалиев “Урматтуу окуучулар. Окуучу+боштук = бул банкроттук. Биз баарыбыз силердин келечегиңер үчүн, силердин коопсуздугуңар, адеп-ахлагыңар үчүн чогулуп олтурабыз. Силер эч нерсе жашырбагыла, ачык айткыла. Анткени «ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат». Биз силерден көптү үмүттөнөбүз. Жаш желкелерде улуу баштар бар деп аалымдарыбыз айткан, силер келечек ээлерисиңер. Ал эми келечек тамеки, зулумдук, энергетикалык суусундуктарынан алыс, илим-билимге, адеп-ахлакка жакын муун болушу керек” – деди.