Баткен шаарында аалымдар аялдар үчүн “Бекем үй-бүлө – бекем Мамлекет” темасында лекция окуду

Бүгүн, 28-октябрь күнү Баткен шаарындагы “Нуьмани” борбордук мечитинде Баткен облустук мусулмандарынын казыяты жана Баткен шаар-райондук хатибияты менен биргеликте аялдар үчүн “Бекем үй-бүлө – бекем Мамлекет” аттуу теманын алкагында лекция уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, КИУ ректору, белгилүү дин аалымы Абдишүкүр ажы Нарматов ислам жана үй-бүлө баалуулуктары тууралуу кеңири баяндама айтты. Ал эми КИУнун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Шермухаммед ажы Ташматов ислам жана бактылуулук жөнүндө сөз кылды.

Дин аалымдары «Бейиш эненин таман астында» деген хадиске терең токтолуп, үй-бүлө баалуулуктарына басым жасашты. Ошондой эле баланын тарбияны кабыл алууга муктаж учурун ар бир ата-эне байкап, ошол кезде балага ушак сөздөрдү угузуудан сактап, жакшы өрнөктөрдү үйрөтүшү зарылдыгын, эне бул – мектеп экенин, ал мектеп коомдун келечегин тарбиялоонун башаты экенин баса белгилешти.

“Баланын келечек жолунда ата-энесинин тарбиясы өзгөчө маанилүү. Ата-эне өздөрү таза, тарбиялуу болуп, баласына туура тарбия берсе, бала табиятындагыдай таза бойдон калат. Ал эми ата-эне өздөрү түз жүрбөсө, жакшы бала кайдан чыксын? Бул жөнүндө ата-бабабыз, “балапан уяда эмнени көрсө учканда ошону алат” деп айтып кетишкен. Андыктан бала тарбиясында биргеликте аракет кылуубуз керек”, – деди Абдишүкүр ажы Нарматов.