Эрик Молдокулов: «Менин уруум кыйын» деп башкаларды басынтпаш керек»

Нарын районунун Эмгек-Талаа айылындагы «Керимбай уулу Сарыбай» атындагы орто мектебининде “Мен Кыргызмын” аталышында талкуу жыйыны болуп өттү.

Иш-чарага Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов, Эмгек-Талаа айыл аймагынын башчысы Асанжан Дүйшөнбиев, айыл аксакалдары, ата-энелер, агай-эжелер жана окуучулар катышты.

Алгач мектеп окуучулары тарабынан даярдалган ички бөлүнүп-жарылуу, уруулардын ич ара пикир келишпестиги тууралуу сахналык көрүнүштөр коюлуп, ал кызуу талкуу жаратты.

Талкууда облус казысы Эрик Молдокулов окуучуларга кайрылып: “Урууң, улутуң менен сыймыктан, бирок эч качан «менин уруум кыйын» деп башкаларды басынтпашыбыз керек. Элибизде «өзүн баккан миң уулдан, элин баккан бир уул артык» деген сөз бар. Кара жанын торпок дагы бага алат экен. Андыктан эл баккан уул-кыздардан болгула. Себеби силерди ата-энеңер эл адамы болсун деп чоңойтуп келүүдө. Силер мурундун учун эмес, кылымдын тушун көргөнгө аракет кылгыла”, – деп белгиледи. 

Мындан сырткары айыл аксакалдары да өз ойлорун айтышты. Эмгек-Талаа айыл аймагынын башчысы Асанжан Дүйшөнбиев өз сөзүндө, “Кайсыл жерде ыйман болсо, ошол жерде ынтымак жана ийгилик жаралат. Мына ушул ыйман, ынтымак тууралуу облус казысы жакшы айтты. Мен казыбыздын сөзүнө толук кошулам”, – деди айыл башчысы.

Иш-чаранын соңунда келген конокторго, облус казысы Эрик Молдокуловго «Керимбай уулу Сарыбай» атындагы орто мектебинин Ыраазычылык баракчасы тапшырылды.