Баткен коогалаңынын 24 жылдыгы белгиленди

Кечээ, 26-октябрда Баткен облусунда Баткен коогалаңынын баатырларын жана курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чара Баткен согушунда курман болгон жоокерлердин мемориал эстелигинин жанында белгиленип, эстеликке гүлчамбар коюлуп, коогалаңда курман болгон жоокерлерге арналып Куран окулду.

Эскерүү иш-чарасына Баткен шаарынын мэринин биринчи орун басары Акылбек Орозов, Баткен шаар-районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов, Баткен коогалаңынын катышуучулары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. 

Катышуучулар Баткен коогалаңында каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, Ата Журттун бүтүндүгүн, кыргыз элинин бейпилдигин сактоодо өз жанын берген эр-азаматтардын каармандыгын эскерди.

Эскерте кетсек, сырткы жоочулар 1999-2000-жылдардын жай айларында эки ирет Кыргызстандын чек арасын Телбе (Баткен), Бокбашы (Чоң-Алай) ашуулары аркылуу бузуп киришкен.