Лейлекте «Менин жашыл шаарым Раззаков» аттуу акция болуп өттү

Кечээ, 27-октябрда  Раззаков шаарында «Инсан Лейлек» коомдук фондунун уюштуруусу менен «Жашыл шаар Раззаков» аттуу ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуу боюнча акция болуп өттү.

Бул иш-чарага Лейлек районунун акими, Раззаков шаардык мэриясынын жетекчилиги, Германиянын Бишкектеги элчиси, доктор Габриэла Геллил айым жана Раззаков шаарынын тургундары катышты.

Раззаков шаарында жашыл аянтчалардын санын көбөйтүү боюнча аталган саамалыкка Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов да жергиликтүү тургундар менен биргеликте көчөт отургузуу акциясына катышты.

Сейитбек ажы Полотов сөз кезегинде катышуучуларга ислам дининде бак отургузуунун пайдасы, сооптору жана айлана-чөйрөгө кам көрүү тууралуу айтып берди.